Ала-Арчада дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери уланууда

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстандын Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында 7-ноябрда дайынсыз жоголгон Амир Кунакуновду издөө иштери уланууда. Анын жакындары өспүрүмдүн телефонунан акыркы сигналдар катталган жер аныкталганын билдиришти.
Амирдин аталаш эжеси Агинай Палатованын айтымында, издөө иштерине кинологдор, тик учак, ыктыярчылар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана дрондор тартылды. Уюлдук байланыш компанияларынын көмөгү менен өспүрүм соңку жолу кайсыл жерден байланышка чыкканы да такталды.
"Амирдин телефонунун акыркы сигналдары кайдан чыккандыгы аныкталды. Издөө иштери уланууда", - деди ал Би-Би-Сиге.
Жоголгон өспүрүмдүн дагы бир тууганы Султан Карынбаев Ала-Арчада куткаруучулар менен бирге Амирдин төрт тууганы да издөө иштерине катышып жатканын билдирди.
"Амирди бүгүн эртең мененки саат 8.00дөн бери издеп жатабыз. Биз менен ӨКМдин эки издөө тобу кошо жүрөт. Түшкө чейин жыйырма чакырымдай жерди кыдырып чыктык, бирок Амирди таба элекпиз", - деди ал.
ӨКМ тарабынан издөө-куткаруу иштерин жетектеп жаткан лейтенант Эльдар Эсенбековдун айтымында, операцияга жалпы 23 адам тартылды. Алардын 14ү ӨКМдин, бешөө милициянын кызматкерлери, калгандары - Амирдин жакындары.
"Куткаруучулар түн ичинде Адыгене чокусунун бир тарабын тинтип чыгышкан. Бүгүн экинчи тарабын карап жатабыз", - деди Эсенбеков Би-Би-Сиге.
Амир кандай жагдайда жоголгон?
Амир 7-ноябрда Ала-Арчада өтө турган чуркоо мелдешине катышууну каалап, апасынан уруксат сураган. Апасы макул болбогондуктан, ал телефон аркылуу агасына байланышып, андан уруксат алгандан кийин үйдөн чыгып кеткен.
Бирок жашы жете элек болгондуктан, уюштуруучулар аны мелдешке катыштыруудан баш тартышкан. Андан кийин Амир тоого өз алдынча кеткен.
Жакындарынын маалыматына караганда, аны ошол күнү саат 14:00 чамасында "Электро" унаа токтотуучу жайынан көрүшкөн. Кечинде, болжол менен саат 19:00–20:00дө, Амир Өзгөчө кырдаалдар министрлигине телефон чалып, адашып калганын билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Амирдин жоголгону тууралуу маалымат милицияга 8-ноябрда түшкөн. Анын акыркы жайгашкан жери 2GIS тиркемесиндеги геолокация аркылуу "Электро" чокусунун аймагында аныкталган.
Ал эми жакындарынын маалыматы боюнча, 8-ноябрда таңкы саат 05:05те өспүрүмдүн телефонунан Аламүдүн районундагы Восток айылында сигнал катталган. Кийин байланыш кайра үзүлгөн.
Издөө учурунда Амирдин рюкзагы табылганы кабарланган. Бирок ал телефонунан акыркы сигнал катталган жерден кыйла алыс болгон.
Издөө иштери күчөтүлдү
9-ноябрда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында издөө иштерин күчөтүү боюнча онлайн жыйын өткөнүн билдирген.
Анын маалыматына караганда, операцияга ӨКМ кызматкерлери, тажрыйбалуу альпинисттер жана дрондорду колдонгон ыктыярчылар тартылды. Ошондой эле издөө иштерине тик учакты кошуу чечими да кабыл алынды.
Амирдин жакындары анын кайда экендиги тууралуу маалыматы бар адамдарды издөө тобуна же укук коргоо органдарына кабарлоого чакырууда.
Маалымат билгендер 112 шашылыш кызматына кайрыла алышат.




























