Исхак Масалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Сүрөттүн булагы, Akipress
Кыргызстанда 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышууну каалагандардын катарына Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев да кошулду. Ал 6-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу тууралуу арыз тапшырды.
Саясатчы өзү бул тууралуу маалыматты Би-Би-Сиге ырастады.
БШКнын маалыматына ылайык, Масалиев талапкерлигин көрсөткөн бешинчи адам болду.
Ага чейин БШКга Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев жана Акай Кыдыров арыз беришкен эле. Алардын баары өзүн-өзү көрсөтүү тартиби боюнча арыздарын тапшырышкан.
Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жетекчилеринин бири Исхак Масалиев 2017-жылы да президенттик шайлоого катышууга аракет кылган, анын талапкерлигин Кыргызстан коммунисттер партиясы көрсөткөн. Бирок БШК анын талапкер катары каттоодон баш тарткан. Борбордук шайлоо комиссиясы тапшырылган 36 миң 673 колдун 30 миң 470ин "ишенимсиз" деп тапкан. Натыйжада, талапкерди колдогон жарактуу колдордун саны талап кылынган чектен аз болуп калган.
Исхак Масалиев аракеттеги бийликтин дарегине маал-маалы менен курч сындар айтып келгени менен белгилүү.
Исхак Масалиев 1960-жылы 21-майда Ош шаарында туулган. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин, 1994-жылы юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1982-жылы университетте окутуучу болуп баштаган.
Ал 2000–2010-жылдары Жогорку Кеңештин II, III жана IV чакырылыштарынын депутаты болгон. 2005-жылы Киреше боюнча комитеттин төрагасы жана Финансы министринин орун басары болуп иштеген. 2012–2014-жылдары Мамлекеттик салык кызматын жетектеген. 2015-жылы VI чакырылыштын депутаты болуп шайланып, 2021-жылы VII чакырылышка да өткөн.
Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат. Бул мөөнөттө талапкерлигин коюуну каалагандар БШКга тиешелүү арыз менен кайрылышы керек.
































