Журналист Эрнис Кыязов күч түзүмдөрүнө маекке чакырылганын билдирди
Элеонора Куленбекова,
Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Журналист Эрнис Кыязов 10-башкармалыкка маектешүүгө келип-кетүүгө чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 5-ноябрда Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, ага УКМКнын 10-башкармалыгынын кызматкери Азамат Рыспеков телефон чалып, башкармалыкка келип кетүүнү сунуштаган. Бирок чакыруунун конкреттүү себебин түшүндүргөн эмес.
Кыязов чакыруунун себебин тактап, расмий чакыруу кагазын жөнөтүүнү өтүнгөн. Кызматкер болсо журналисттен айрым маалыматтарды тактап сурашы керек экенин айткан.
Журналист күч түзумүнүн имаратына баруунун ордуна жолугушууну нейтралдуу жерде өткөрүүнү сунуштаган. Натыйжада атайын кызмат өкүлү ал белгилеген дарекке барууга макул болгон.
Кыязовдун пикиринде, бул чакыруу анын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясынын) мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев менен болгон подкастына байланыштуу болушу мүмкүн.
"Эми мына, 10-бөлүмдүн балдары менен кезигиш керек болуп туру", - деп жазган журналист.
Сыймык Жапыкеев кийинки жылы январда өтө турган президенттик шайлоого катышарын жар салган талапкерлердин бири. Ал Эрнис Кыязовго берген соңку маегинде бийликке катуу сындар айтканы белгилүү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жаткан Сыймык Жапыкеевдин журналист Эрнис Кыязовго берген маегине байланыштуу 2-ноябрда билдирүү тараткан эле. Ал анда Жапыкеевдин айткандарын шайлоо өнөктүгүнүн жакындашы менен байланыштырган эле.
"Эми шайлоо процесси башталганын баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Ошондуктан ар кандай пикирлер, сындар айтылат. Айрыкча талапкерлер өз позициясын ар кандай формада, маанайда билдириши мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш. Сыймык Жапыкеев деле Кыргызстандын жараны катары өз оюн айтууга, өзүнүн көз карашын билдирүүгө толук укуктуу. Мындан эч кандай маселе көргөн жокпуз. Алдыда шайлоочулар дагы көптөгөн пикирлерди, сындарды, ар кандай убадаларды, ушактарды угушат. Кимге ишенерин, кимди колдоорун эл өзү урнага барганда чечет",- деген ал.
Ошондой эле Алагөзов Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, бийликти сындаганга эч ким тыюу салбаганын белгилеген.
"Болгону мыйзамсыз аракеттерге, массалык башаламандыкка чакырууга же аны уюштурууга жол берилбейт. Ал эми сын айтуу, башкача ой жүгүртүү, бийликтин позициясына макул болбоо кылмыш эмес. Бул демократиялык коом үчүн кадимки көрүнүш",- деген Алагөзов.
Кыязов президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Сыймык Жапыкеевден алган маегин 2-ноябрда жарыялаган. Анда Жапыкеев өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды айтып, бийликти катуу сындаган.































