Германиядагы кыргыз элчилиги мекендештерин нааразылык акциялары өтүп жаткан жерлерден оолак болууга чакырды
Элеонора Куленбекова,
Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Facebook
Кыргызстандын Германиядагы элчилиги өлкөдө жана Европанын бир катар башка мамлекеттеринде өтүп жаткан нааразылык акцияларына жана демонстрацияларга байланыштуу кыргызстандыктарды жеке коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды.
Дипломатиялык өкүлчүлүк жарандарга коомдук-саясий мүнөздөгү нааразылык акцияларына, демонстрацияларга жана башка массалык иш-чараларга катышуудан карманууну сунуштады.
Ошондой эле мүмкүн болушунча эл көп чогулган жерлерге жана акциялар өтүп жаткан аймактарга барбоо, жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо кызматтарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салып туруу жана алардын мыйзамдуу талаптарын аткаруу сунушталды.
Мындан тышкары, элчилик коомдук транспорттун ишинде чектөөлөр болушу жана каттамдар өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Германияда өзгөчө кырдаал жаралган учурда төмөнкү телефондорго кайрылууга болот:
110 - полиция;
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
112 - тез медициналык жардам жана өрт өчүрүү кызматы.
Консулдук жардам алуу үчүн жарандар Кыргызстандын Берлиндеги элчилигине +49 30 36411860 телефону, WhatsApp аркылуу +49 176 77385850 же шашылыш байланыш номери +49 176 89214094 аркылуу кайрыла алышат.
Ошондой эле Франкфурт-на-Майнедеги Кыргызстандын консулдук агенттигине Broennerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main дареги боюнча же +49 69 95403926 телефону аркылуу байланышууга болот. WhatsApp жана шашылыш байланыш номери: +49 152 28921624.
Элчилик Германияда жашаган кыргызстандыктар, студенттер жана башка мекендештер арасында бул маалыматты жайылтууну диаспоралык уюмдардын жетекчилеринен жана өкүлдөрүнөн өтүндү.
Дипломатиялык өкүлчүлүк кырдаалга көз салып турарын жана зарыл болгон учурда жарандарга кошумча маалымат берерин билдирди.
Европанын бир катар өлкөлөрүндө студенттер билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү талап кылып, нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Мындай массалык иш-чаралар айрым учурларда коомдук тартиптин бузулушу менен коштолууда.































