"Бириккен демократиялык кыймыл" президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер көрсөтөт

Сүрөттүн булагы, Courtesy
"Бириккен демократиялык кыймыл" алдыдагы президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен катышуу чечимин кабыл алганын жарыялады. Кыймылдын билдирүүсүнө ылайык, талапкер болуп тил боюнча тесттен ийгиликтүү өткөн мүчөлөрдүн ичинен бирөө тандалат. Алар - Мамбетжунус Абылов, Кеңешбек Дүйшебаев жана Бектур Асанов.
"Кыргыз тили боюнча тесттен азыр биздин кыймылдан үч киши өттү. Алардын баары эми күрөө акы төлөөнүн алдында турат. Андан тышкары деле расмий талапкер болуп катталгыча далай процедураралардан өтүшүбүз керек. Ошол процедуралардан өткөндөн кийин гана биздин кыймыл бир талапкерге токтолот", - деди Би-Би-Сиге Мамбетжунус Абылов.
Ал "Бириккен демократиялык кыймылы" учурда өлкөдөгү жападан жалгыз оппозициялык күч болуп жатканын белгиледи.
Кыймыл буга чейин тараткан билдирүүдө "Кыргызстанда бийликтин бир колго топтолушу, мыйзам үстөмдүгүнүн алсыроосу, сөз эркиндигинин чектелиши жана саясий куугунтуктоолор демократиялык баалуулуктарга коркунуч жаратып жатканы" айтылат.
Уюмдун негизги максаты катары демократияны калыбына келтирүү, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, адам укуктарын коргоо жана эркин шайлоо өткөрүү шарттарын түзүү белгиленген.
"Биз өлкөгө жөн гана бийликти алмаштыруу эмес, бийлик элге кызмат кылган, мыйзам баарына бирдей иштеген, эркин шайлоолор жана саясий атаандаштык камсыздалган демократиялык башкаруу системасы керек деп эсептейбиз", - делет бул тууралуу билдирүүдө.
"Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" 2022-жылдын 31-мартында Бишкекте түзүлгөн. Аны түзүү демилгесин бир катар оппозициялык саясатчылар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер көтөрүшкөн. Кыймылдын координатору болуп Мамбетжунус Абылов шайланган.
Уюм түзүлгөн учурда анын катарына мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, мурдагы мамлекеттик кызматкер Бектур Асанов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана укук коргоочу Рита Карасартова кирген.
Белгилей кетүүчү жагдай, мурунку мүчөлөрдүн баары азыркы кыймылдын курамында деп айтууга болбойт.
Кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укуктук системаны түзүү, экономикалык кризиске каршы программаларды иштеп чыгуу жана жакырчылык менен күрөшүү максаттарын жарыялаган.
Кыймылдын ишмердиги 2022-жылдын күзүндө анын бир катар мүчөлөрү "Кемпир-Абад иши" боюнча кармалгандан кийин үзгүлтүккө учураган. 2024-жылдын январында "Азаттыкка" берген маегинде Клара Сооронкулова кыймыл жоюлуп кетпегенин, бирок кылмыш иштерине байланыштуу активдүү иш жүргүзө албай жатканын айткан. Анын билдиришинче, кыймылдын мүчөлөрү ишмердигин убактылуу токтотууга аргасыз болушкан.
































