Токаев эмнеге Орусияны Түрк мамлекеттер уюмуна чакырып жатат жана эмне үчүн айрым өлкөлөр буга каршы?

Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган приветствует президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева на официальной церемонии в Президентском комплексе во время официального визита в Анкару, Турция, 28 октября 2026 года
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ТМУда негизги ролду Режеп Тайип Эрдоган башында турган Түркия ойнойт (сол жакта). Бирок Касым-Жомарт Токаев уюмдун курамында Орусияны да көргүсү келет
    • Author, Ольга Просвирова
    • Role, Би-би-си Орус кызматы
    • Author, Мониторинг кызматы
    • Role, Би-би-си
  • Published
  • Окуу убактысы: 6 мүнөт

Түркиялык жана азербайжандык серепчилер Казакстандын Орусияны Түрк мамлекеттер уюмуна чакыруу сунушун сынга алышууда. Алар Москванын мүчөлүгү бул уюмдун өз алдынчалыгын чектеп коюшу мүмкүн деп кооптонушат. Эксперттердин айтымында, Астананын мындай демилгеси Түркиянын таасирин тең салмактоого умтулуусу менен да байланыштуу болушу мүмкүн.

"Жөндүү сунуш"

"Эгер Орусия түрк мамлекеттеринин, башкача айтканда, биздин уюмдун курамына кошулса, бул бардык мамлекеттерибиз үчүн пайдалуу болмок", - деп билдирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 30-октябрда Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде.

Токаев Орусияны уюмдун ишине тартуу же ага байкоочу макамын берүү сунушун орус элинин түрк дүйнөсү менен тарыхый байланыштары жана Орусиянын аймагында көптөгөн түрк тилдүү элдер жашаганы менен түшүндүрдү.

Кремлде Токаевдин сунушун жылуу кабыл алышты. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын уюмдун ишине катышуусу орундуу болмоктугун билдирди. Бирок ал Москва азырынча расмий чакыруу ала электигин тактады.

Бирок бул сунуш ишке ашпай калышы мүмкүн. Азербайжан ага кескин каршы чыкты. Ал эми Түркия уюмдун ишине байкоочу катары катыша турган өлкөлөргө да белгилүү талаптар коюларын дипломатиялык жол менен эскертти.

Түрк мамлекеттер уюмуна Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан мүчө. Уюм 2009-жылы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши катары түзүлүп, 2021-жылы азыркы аталышын алган. Анын катчылыгы Стамбул шаарында жайгашкан.

Түрк мамлекеттер уюмунда Венгрия, Түркмөнстан жана Түркия гана тааныган Түндүк Кипр Түрк Республикасы байкоочу макамына ээ. Ошондой эле Экономикалык кызматташтык уюму да байкоочу катары катышат.

Түрк мамлекеттер уюму тил жана маданияттын окшоштугуна таянып түзүлгөн. Бирок азыр анын кызматташтыгы соода, инвестиция, транспорт жана коопсуздук тармактарын да камтыйт.

Уюм үчүн маанилүү багыттардын бири - Кытай менен Европаны Борбор Азия жана Түштүк Кавказ аркылуу байланыштырган Транскаспий транспорт жолун өнүктүрүү. Бул жол менен жүктөрдү Орусиянын аймагына кирбей эле ташууга болот.

Дүйнөлүк банк бул транспорт жолун өнүктүрүү Казакстан, Азербайжан жана Грузиянын Орусия аркылуу өткөн каттамдарга көз карандылыгын азайтууга мүмкүнчүлүк берерин белгилейт.

Бул Казакстанга эмне үчүн керек?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Борбор Азиядагы демократияны өнүктүрүү фондунун казакстандык саясат таануучусу Толганай Умбеталиеванын Politik Central Asia каналына билдиришинче, Астана Түркиянын Түрк мамлекеттер уюмундагы активдүүлүгүн тең салмактоого аракет кылууда. Анткени Анкара кээде Борбор Азия өлкөлөрүнүн артыкчылыктарына дал келбеген маселелерди да күн тартибине чыгарат.

Мунун бир мисалы - Түндүк Кипр маселеси. Түркия анын эл аралык деңгээлде таанылышына аракет кылып келет. Бирок Астана бул демилгени колдоого даяр эмес.

2025-жылдын март айында Казакстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү Европа Биримдиги менен биргелешкен билдирүү кабыл алып, анда БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кипрди тааныбоого чакырган резолюцияларына берилгендигин ырасташкан.

Умбеталиеванын пикиринде, аймактагы мамлекеттер эл аралык аренадагы өз позициясын бекемдөөгө умтулууда. Түркиянын Түрк мамлекеттер уюмундагы үстөмдүгүнүн күчөшү бул максатка жетүүнү кыйындатышы мүмкүн. Ал эми Орусиянын уюмга катышуусу күчтөрдүн тең салмагын сактоого шарт түзмөк.

2 июля 2025 года в амфитеатре города Актау (Казахстан) в рамках 8-го Фестиваля женщин и моды тюркского мира модели представили традиционную турецкую одежду. Фестиваль, организованный Международной организацией тюркской культуры (ТЮРКСОЙ), объединил известных мастеров традиционных ремесел и этнической моды из стран тюркского мира.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) түрк элдеринин мода жана маданият фестивалдарын өткөрүп турат

Дагы бир максат - Орусиянын уюмга карата ишенбестигин азайтуу. Казакстандык саясат таануучу Газиз Абишевдин пикиринде, Москванын уюмга катышуусу Түрк мамлекеттер уюму Орусияга же Кытайга каршы багытталбаганын көрсөтүүгө жардам бермек.

Абишевдин түшүндүрмөсүндө, Орусия байкоочу макамын алып, уюмга мүчө мамлекеттердин биринин таасири ашыкча күчөп кетишине бөгөт кое алмак.

"Бул абдан эле таң калыштуу сунуш болду. Ал тургай Казакстандын өзүндө да түшүнбөстүк жаратты, - дейт саясат таануучу Досым Сатпаев Би-би-сиге. - Токаев мындай кадамы менен, сыягы, Кремлге айрым багыттарда Орусиянын кызыкчылыктарын колдогон адам экенин көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Ошол эле учурда ал постсоветтик мейкиндикте Кытайдын кызыкчылыктарын да колдой турганын көрсөтүүгө умтулууда.

Менимче, бул анын - ар кандай геосаясий оюнчулар менен аймактык уюмдардын ортосунда көпүрө курууга даяр ортомчу жана сүйлөшүүлөрдү жөнгө салуучу ролун аткаруу аракети".

Түркиянын жообу

Түркиянын башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары, түрк мамлекеттери менен байланыштарга жооптуу Күршад Зорлу Токаевдин сунушуна жооп берди, ал тилге байланыштуу талапты эске салды.

Анын айтымында, байкоочу макамын түрк же тектеш тилдердин бири бүткүл өлкө аймагында мамлекеттик же расмий тил болуп саналган мамлекеттер гана ала алат. Орусиядагы түрк элдеринин тилдерине берилген аймактык макам бул талапка жооп бербейт.

Башка өлкөлөр менен кызматташуу үчүн "ТМУ+" форматы каралган. Зорлунун айтымында, уюмга мүчө эмес өлкөлөрдүн жетекчилери же тышкы иштер министрлери менен жолугушуу өткөрүү чечими бардык мүчө мамлекеттердин макулдугу менен гана кабыл алынат.

Эгер Орусиядан ушундай сунуш түшсө, ал түрк дүйнөсүнүн жалпы кызыкчылыктарына шайкеш келер-келбесине жараша каралат.

Зорлу ошондой эле Түрк маданиятынын эл аралык уюму — ТҮРКСОЙ аркылуу Орусиянын алты республикасы менен кызматташууну кайра жандандырууну сунуштады. ТҮРКСОЙ 1993-жылы Түркия жана мурдагы СССРдин түрк тилдүү беш өлкөсү тарабынан маданий байланыштарды өнүктүрүү, фестивалдарды өткөрүү жана жалпы мурасты сактоо максатында түзүлгөн. Анын алкагында Алтай, Тыва, Башкортостан, Татарстан, Якутия жана Хакасия байкоочу макамын алышкан.

2015-жылы Түркиянын согуштук учагы Сирия менен чектеш аймакта Орусиянын Су-24 аскердик учагын атып түшүргөндөн кийин, орус бийлиги бул республикалардан ТҮРКСОЙ менен байланышын токтотууну талап кылган.

Турецкие и азербайджанские воинские подразделения принимают участие в учениях «Мустафа Кемаль Ататюрк — 2023»
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2023-жылы өткөн биргелешкен аскердик машыгуу учурундагы түрк жана азербайжан аскер бөлүктөрү.

Түрк кеңешинин мурдагы башкы катчысы, дипломат Халил Акынжы бул демилгенин колдоо табарынан күмөн санап, кыйла кескин жооп берди.

Анын айтымында, кайсы бир өлкөдө түрк тилдүү жамааттардын жашашы ал өлкөнү уюмга кабыл алууга өзүнчө негиз боло албайт. Анткени мындай жамааттар Болгария менен Грециядан тартып Иран жана Иракка чейин көптөгөн өлкөлөрдө жашайт.

"Орусия менен коңшу болуп, дос бололу", - деди Акынжы.

Ал эми Түркиянын бийлигин колдогон Türkiye гезитинин баяндамачысы Мерьем Айбике Синан бул демилгеден мүмкүнчүлүктөрдү да, тобокелдиктерди да көрөт. Анын пикиринде, Орусиянын уюмга катышуусу Орусиянын ичиндеги түрк элдери менен байланышты чыңдоого жана Кытайдын таасирин тең салмактоого жардам бериши мүмкүн.

Ошол эле учурда ал Орусия Транскаспий транспорт коридоруна таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн Түркия менен коргонуу тармагындагы кызматташтыгын чектеши мүмкүн деп кооптонууда.

Азербайжан эмнеге каршы?

Азербайжанда бийликке көз каранды бир катар басылмалар бул сунушка каршы чыгышты.

Мамлекеттик Xalq Qazeti гезити Орусиянын уюмга катышуусу тууралуу комментарийинде Орусия империясы жана СССР доорунда түрк элдери туш болгон орусташтыруу саясатын жана чектөөлөрдү эске салды. Макаланын автору ошондой эле орус саясатчыларынын Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендигине жана чек араларына шек келтирген азыркы билдирүүлөрүнө көңүл бурду.

Гезит Орусиянын Украинага каршы согушун эске алуу менен, анын уюмга катышуусу Түрк мамлекеттер уюму жарыялаган чек араларды жана эгемендикти урматтоо принцибине канчалык шайкеш келери тууралуу да суроону көтөрдү.

Басылма Орусияга байкоочу макамын берүү да Москвага уюмдун ичиндеги талкууларга таасир этүүгө, мүчө мамлекеттердин ортосундагы пикир келишпестиктерди күчөтүүгө жана бирдиктүү позицияны иштеп чыгууга тоскоолдук кылууга мүмкүнчүлүк берет деп кооптонот.

Ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөр өнүктүрүп жаткан транспорт жана энергетика долбоорлоруна Орусиянын өз кызыкчылыгы бар экени да тынчсызданууга негиз катары көрсөтүлгөн.

Алиев и Путин во время двусторонней встречи в Душанбе после кризиса вокруг катастрофы самолета Azerbaijan Airlines
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Душанбеде өткөн эки тараптуу жолугушуу учурундагы Илхам Алиев менен Владимир Путин

Musavat.com сайты түрк интеграциясын жана Кремлдин "орус дүйнөсү" концепциясын бири-бирине атаандаш долбоорлор катары карайт. Басылманын пикиринде, Орусиянын уюмга толук кандуу мүчө болушу күчтөрдүн тең салмагын Москванын пайдасына өзгөртмөк.

Ал эми бийликчил партиянын депутаты Вугар Искендеров бул маселеде этият позицияны карманды. Ал Oxu.az сайтына берген комментарийинде демилгени түрк мамлекеттеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен кароону сунуштады. Ошондой эле Орусия менен айрым долбоорлор боюнча кызматташууну анын уюмдун ишине туруктуу катышуусунан айырмалоо керектигин белгиледи. Депутаттын айтымында, негизги шарт -Түрк мамлекеттер уюмунун өз алдынчалыгын сактоо.

Байкоочу макамы уюмдун чечимдерин кабыл алууга катышуу укугун бербейт. Бирок демилгени сындагандар расмий добушка ээ болбосо да, Орусия саясий басым көрсөтүшү мүмкүн деп кооптонушат.

Ким башкы?

СССР тарагандан кийин Орусия Борбор Азия өлкөлөрү менен аскердик, экономикалык жана маданий байланыштарын сактап калды. Казакстан менен Кыргызстан Орусия менен бирге Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Кыргызстанда Орусиянын аскердик базасы жайгашкан.

Орусия Кыргызстанга акча которуулардын негизги булагы бойдон калууда. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, 2025-жылы өлкөгө которулган акчанын 92 пайыздан ашыгы Орусияга туура келет.

Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушу Борбор Азия өлкөлөрүнүн Москвага көз карандылыгын азайтуу аракетин күчөттү. Бул тууралуу Германиянын Тышкы саясат коомунун талдоосунда айтылат.

Аймактагы мамлекеттер Орусия менен кызматташууну улантуу менен бирге, Кытай, Түркия жана Батыш өлкөлөрү менен да байланыштарын кеңейтип жатышат. Бул - аймактагы өкмөттөрдүн тышкы саясатта жана экономикалык өнөктөштөрдү тандоодо көбүрөөк эркиндикке ээ болуу аракети.

Рабочие в казахстанском морском порту Актау на Каспийском море, 15 августа 2018 года
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каспий деңизинин жээгиндеги Казакстандын Актау деңиз порту

Түркия тил жана маданий байланыштарга таянып, соода алакаларын жана билим берүү тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүп келет. Казакстан жана Кыргызстанда аны менен биргелешкен университеттер дагы бар.

Кызматташуунун дагы бир багыты - коргонуу тармагы. Анкара менен Астана аскердик консультацияларды өткөрүп, аскердик-техникалык байланыштарын чыңдоодо.

Өзбекстан болсо эки өлкө менен тең байланышын чыңдап келет. 2026-жылдын июнь айында Өзбекстан менен Орусиянын президенттери атомдук электр станциясынын биринчи энергоблогунун курулушуна старт беришти.

Ал эми Түркия менен Ташкент коргонуу өнөр жайы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Январь айында эки өлкөнүн тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча министрлери менен атайын кызматтарынын жетекчилеринин биргелешкен жыйыны өткөн.

"Борбор Азия көптөгөн күйөө балдардын көңүлүн бурган колуктуга окшош, - дейт казак саясат таануучу Досым Сатпаев. - Ар бир күйөө бала колуктунун көңүлүн өзүнө бургусу келет. Мындай таанышуулар саммиттерде өтөт. Токаев да көп векторлуу саясат жүргүзүп, АКШ, Европа Биримдиги, Орусия, Кытай жана Түркия менен бирдей мамиле түзүүгө аракет кылып жатат". EKa