Акай Кыдыров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз берди

Сүрөттүн булагы, Official
Ишкер Акай Кыдыров президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШК билдирди.
Акай Кыдыров 24-октябрда, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу "Кыргызтест" сынагынан өткөн.
2025-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына №19 шайлоо округунан өзүн-өзү көрсөткөн. Бирок 27-октябрда шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз берген.
Кыдыров 1991-жылдын 16-ноябрында Орусияда төрөлгөн. 2013-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин "Дипломатиялык жана консулдук кызмат" адистигин аяктаган.
Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда магистр даражасын алган. 2015-2021-жылдары Жапониянын Йокогама жана Нагоя шаарларындагы үч компанияны жетектеген.
2018-жылдан бери эл аралык логистикалык компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп иштейт.
Акай Кыдыров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берген төртүнчү адам болду.
Ага чейин Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев жана Азамат Эсенбеков президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча арыз беришкен.
Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт.




























