"Эжемди бычак менен жүрөккө сайыптыр". Стамбулда кыргыз кызы өлтүрүлдү

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 1 мүнөт
5-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында 31 жаштагы кыргыз жараны Айжибек Нургазы кызы өлтүрүлдү. Бул тууралуу анын бир тууган иниси Айдарбек Нургазиев Би-Би-Сиге билдирди.
Нургазиевдин айтымында, маркумдун сөөгү кечээ, 8-ноябрда Токтогул районунун Терек-Суу айылында жерге берилди.
"Эжем Айжибек Нургазы кызы 5-ноябрь күнү эртең менен каза болуптур, бизге Кыргызстандын сааты менен кечки 17:00дөрдө угулду. Эжем 31 жашта болгон. Түркияга кеткенине эки эле ай болгон. 23-августта өзүм салып келдим эле", - деди маркумдун иниси Айдарбек Нургазиев.
Айдарбек Нургазиев маркум эжеси менен жездесинин ортосунда пикир келишпестиктер болуп, жакында эле убактылуу жашап турууга батирге көчүп барган экен.
Шектүү кыргызстандык жаран
"312" деген салондо иштечү эле. Жездем экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болуп кетсе керек. Анан ошол өзү иштеген салондун ээсинин батиринде жашап турайын деп сураныптыр. Берки аял макул болуп, эжем батирде уктап жатканда, башка бир аял бөлмөгө кирип келип, телефон менен катуу сүйлөшүптүр. Анан эжем эртеси күнү жумушка барарын айтып, акырын болуусун өтүнүптүр. Телефон менен сүйлөшкөн аял чыгып кетип, кайра бычак менен келип, жүрөккө сайыптыр, бетине тепкилептир. Бизде бүт видеолору бар", - деди Айдарбек Нургазиев.
Би-Би-Си кылмышка шектелип кармалган кыргызстандыктын жакындары менен байланыша алган жок.
Буга чейин Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугу кыргыз кызы бычакталып өлтүрүлгөнүн кабарлаган.

Сүрөттүн булагы, egov.kg
"2026-жылдын 5-ноябрында Стамбул шаарынын Аксарай районунда Кыргыз Республикасынын эки жаранынын ортосунда чыр-чатак чыгып, анын кесепетинен А.Н. (1991-жылы туулган) аттуу жаран бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Аталган кылмышка шектүү катары В.С. (1994-жылы туулган) аттуу жаран кармалган. Учурда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.
Консулдук Түркиянын тиешелүү органдары менен жана ошондой эле эки кыргызстандык кыздын жакындары менен да байланышта экенин кошумчалаган. Аталган окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө экени айтылды.




























