Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Эркинен ажыратылган дарыгер Насира Бейшебаеванын жакындары президенттен ырайым сурады
Дарыгер-нефролог Насира Бейшебаеванын жакындары президент Садыр Жапаровдун Чүй облусунун тургундары менен болгон жолугушуусу учурунда ага ырайым сурап кайрылышты.
Саламаттык сактоо министрлиги учурда иш Жогорку соттун кароосунда экенин билдирди. Президент болсо жардам көрсөтүлөрүн айтты.
Бейшебаевага каршы кылмыш иши 2024-жылы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда дарыланган өспүрүм кыздын оң буту ампутациялангандан кийин козголгон.
Кыздын апасы дарыгер туура эмес дарылоо жүргүзгөнүн айтып, арыз менен кайрылган. Аталган иш Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде тергелген.
Медиктердин маалыматына караганда, кыздын абалы оорлоп кеткендиктен, кийин анын бутун ампутациялоого туура келген. Бирок буту кесилген өспүрүм кыздын апасы мындай бүтүм менен макул эмес.
Насира Бейшебаева 2026-жылдын февраль айында кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Буга чейин райондук сот дарыгерди үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, бирок жазаны пробациялык көзөмөл менен алмаштырган.
Бишкек шаардык соту бул чечимди өзгөртүп, Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле үч жыл бою медициналык ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салган.
Быйыл 12-сентябрда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылып, дарыгер-нефролог Насира Бейшебаеванын ишине көңүл бурууну өтүнгөн.
Медиктер кайрылуусунда соттун акыркы чечими алардын арасында тынчсыздануу жаратып жатканын билдиришкен. Алар бул окуядан кийин дарыгерлер оор жана татаал учурларда чечим кабыл алуудан кооптонуп калышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Ошондой эле кесиптештери Бейшебаеванын көп жылдык тажрыйбасын эске алуу менен, президенттен анын ишине көңүл бурууну суранышкан. Мындан тышкары, дарыгердин жашы жете элек баласы жана карыган апасы бар экенин белгилешкен.
Бутунан ажыраган өспүрүмдүн апасы дарыгердин аракетине нааразы бойдон калууда.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, быйыл февраль айында дарыгер-нефролог Насира Бейшебаевага кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбай, этиятсыздыктан оор залал келтирген деп айыптаган.