Израилдин президенти оппозиция лидери Айзенкотко жаңы өкмөттү түзүүнү тапшырды

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Израилдин президенти Ицхак Герцог 27-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында азыркы премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга эмес, оппозиция лидери Гади Айзенкотко жаңы өкмөттү түзүү тапшырмасын берди.

"Соңку бир нече күн ичинде ар кандай расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Анын жыйынтыгында Кнессеттин депутаттарынын көпчүлүгү кийинки өкмөттү түзүп, парламенттин ишенимине ээ боло алат деп Айзенкотту колдоп жатканы айкын болду",- деди президент Герцог жекшемби күнү кечинде Айзенкот катышкан салтанатта.

Гади Айзенкот өз кезегинде өлкөгө израилдиктердин көпчүлүгүнүн ишенимине ээ боло турган жаңы жетекчилик керек экенин айтты.

"Бүгүн мага берилген мандаттын негизинде мен улуттук куткаруу өкмөтүн түзүү ишин жетектейм. Бул үчүн саясий чөйрөдө чыгармачыл жана салттуу эмес кадамдарга барууга туура келет. Израил бул процессти создуктурууга же улам-улам шайлоо өткөрүүгө жол берилбеши керек",- деди оппозиция лидери.

Мыйзамга ылайык, Айзенкотко коалиция түзүү үчүн 28 күн берилет. Зарыл болгон учурда бул мөөнөт дагы эки жумага узартылышы мүмкүн.

Ишемби күнү Израилдин азыркы премьер-министри Биньямин Нетаньяху араб калкынын атынан чыккан партиялардын өлкөнү башкарууга катышуусуна жол бербөө максатында улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө чакырган.

27-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында блоктордун бири да өкмөттү өз алдынча түзүүгө жетиштүү көпчүлүк добуш топтой алган эмес.

Парламенттеги эң көп орунду Нетаньяхунун саясий блогу алса, Айзенкот баштаган оппозициялык альянс экинчи орунга чыкты.

Герцогдун бул чечими Айзенкот сөзсүз түрдө Израилдин жаңы премьер-министри болот дегенди билдирбейт. Буга чейин ал араб партиялары менен биригүү ниети жок экенин айткан. Бирок президент менен сүйлөшүүлөр учурунда аталган партиялар Айзенкоттун талапкерлигин колдоого даяр экенин билдиришкен.

Президенттин чечими жарыялангандан кийин Айзенкот X социалдык тармагына: "Улуттук өзгөчө кырдаал өкмөтүн түзүүгө убакыт келди. Биз мындай ишенимге татыктуу экенибизди далилдөө үчүн колумдан келгендин баарын жасайм",- деп жазды.

Мындан ары эмне болот?

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, эми Айзенкот араб партияларынын колдоосуна таянуу менен азчылык өкмөтүн түзүүгө аракет кылышы мүмкүн. Же болбосо, буга чейин кызматташуудан баш тартып келген динчил саясий күчтөр менен коалиция түзүү вариантын карашы ыктымал. Нетаньяху менен биригип, улуттук биримдик өкмөтүн түзүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Бирок эксперттер бул сценарийлердин ишке ашарына күмөн санашууда, деп жазат агенттик.

Эгер Айзенкот коалиция түзө албай калса, президент өкмөттү түзүү тапшырмасын башка саясатчыга бериши мүмкүн.

Эгер 100 күндүн ичинде өкмөттү түзүү процесси аягына чыкпаса, мөөнөтүнөн мурда жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн.

120 депутаттан турган Кнессетке шайлоонун жыйынтыгында Нетаньяхунун "Ликуд" партиясы жана анын өнөктөштөрү 53 мандатка ээ болушкан.

Айзенкот баштаган блокто 48 депутат бар. Ошол эле учурда Израилдин араб калкынын атынан чыккан эки партия жалпысынан 19 мандат алган. Бул - мурда болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүч.