Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
"Ысык-Көлгө кайра кайтып жатат": Жейрендерди көбөйтүү аракети
Бир кезде Ысык-Көлдүн түштүк жээгин жапырт байырлап, кийин жоголуп кеткен жейрендерди кайра кайтаруу аракети жүрүүдө. Жейрен - Кызыл китепке кирген, жоголуп кетүү коркунучу жогору жаныбарлардын бири. Учурда Ысык-Көл аймагында алардын санын көбөйтүп, кайрадан жапайы жаратылышка коё берүү аракеттери жүрүп жатат. Жейрендердин экосистемадагы орду канчалык? Алардын биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу ролу кандай?
"Жейрен ордо" деп аталып, атайын корукка алынган жайдан дагы 20 жейрен жапайы жаратылышка коё берилгени турат. Былтыр алардын 30у эркиндикке кое берилген.
"Учурда бул жакта 50 баш бар. Талаага 30у кетти. Алар ошол жакта жүрүшөт. Биз маал-маалы менен чыгып, көзөмөлдөп турабыз. Кайсы жерде топ болуп жайылып жүргөнүн карап турабыз. Буларды багууда өзүнүн машакаты бар. Бирок мен үчүн кыйынчылык деле жаратпайт. Жылына бир ирет төлдөйт. Айрым учурда эгиздеп төлдөйт",-деди кароолчуТалапбек Акматов.
Адистердин айтымында, Ысык-Көлдүн түштүк жээги бир кезде жейрендер кеңири тараган аймактардын бири болгон. Бирок адамдардын, жырткычтардын кол салуусунан жана жаратылыштын өзгөрүшүнөн улам, алар 1980-жылдары Кыргызстанда дээрлик калбай калган.
"Биздин милдет - жейрендерди түштүк жээкке кайрадан алып келүү. Келерки жылы баары ойдогудай болсо, аларды Орто-Токой аймагына коё беребиз. 3-4 жылдан кийин түндүк жээктеги Тору-Айгыр аймагына да коё берүүнү пландап жатабыз. Бул аймак алардын байыртадан мекендеп келген жерлери",- деди Улуттук илимдер академиясынын биологу Аскар Давлетбаков.
Жейрендер өсүмдүктөр дүйнөсүнүн тең салмактуулугун сактоодо чоң роль ойнойт. Аларды чөл жана кургак аймактардын "санитарлары" деп да атап коюшат. Бул жандык тикендүү өсүмдүктөр менен азыктанып, алардын ашыкча жайылып кетүүсүнө жол бербейт.
"Жейрендердин ролу абдан чоң. Мен айткандай, жейрендер чөл экосистемаларында гана жашаган жаныбарлар. Биз азыр турган жер да чөл жана жарым чөл экосистемасы болуп эсептелет. Көрүп турганыңыздардай, бул жерде кум жана шагыл басымдуулук кылат. Өзүнө мүнөздүү өсүмдүктөр дүйнөсү бар. Мисалы, бул жерде эфедра өсөт. Аны үй жаныбарлары жебейт, жейрендер аны жеп коет. Мен айткандай, ар бир жаныбардын жаратылышта эки функциясы бар. Алардын бири жөнгө салуу, экинчиси туруктуулукту сактоо. Жейрендер да чөл жана жарым чөл экосистемаларындагы өсүмдүктөр дүйнөсүн жөнгө салат",- деди биолог.
Жейрендерди Кыргызстандын жаратылышына кайтаруу аракети атайын долбоордун алкагында жүргүзүлүп келет. 2021-2022-жылдары Өзбекстандан 20дан ашуун жейрен алынып келген. Кийин алардын саны көбөйүп, 70ке жеткенде 30у жапайы жаратылышка коё берилген. Аны утурлай президент Жапаров жейрендер багылып жаткан жайга барып, тургуундарды аларга кол салбоого чакырган.
"Жакында буларды жаратылышка коё бергени турушат. Анан коё бергенде, көрбөгөндөр көрө калып, "кармап жесек болот экен" деп жеп койбогула. Эртең-бүрсүгүнү коё беребиз деп жатышат. Ошондуктан атайын келип, кыргызстандыктарга, айрыкча көлдүктөргө кайрылып коёюн дедим. Бул жок болуп бара жаткан, Кызыл китепке кирген жаныбар. Жүз жылдан кийин Ысык-Көлгө кайра кайтып келип жатат. 1930-жылдарга чейин бул өрөөндө көп болгон экен. Кийин 1916-жылы үркүн болду. 1930-жылдары ачарчылык болду. Ошол мезгилдерде булар жок болуп кеткен. Мына эми 100 жылдан кийин кайра талаага кое берилгени турат. Буйруса, эгер тийбей койсок бул көбөйүп, илгерки калыбына келет Суранып кетет элем. Мындан тоюп деле кетпейсиңер. Өзү эчкинин улагындай болгон жаныбар экен. Бирок жаратылышка абдан чоң пайда алып келет. Булар тикенек, уулу чөптөрдү жеп коет экен. Бул жаратылышты тазалап турган жаныбар. Ошондуктан муну жок кылып жибербей, тескерисинче коргош керек",- деген президент Садыр Жапаров
Учурда жейрендердин саны 80ге жетип калганы айтылууда. Келечекте аларды Кыргызстандын башка облустарына жайылтуу пландалууда.