Орусия, Украина жана АКШ сүйлөшүүлөрдү жандантты. Абу-Дабидеги жолугушуудан эмнени күтүүгө болот?

    • Author, Елизавета Фохт*
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Тогуз айга жакын тыныгуудан кийин Москва, Киев жана Вашингтон Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандантты. Жолугушуу 10-11-ноябрда Абу-Даби шаарында өтөт. Анда талкуулана турган негизги маселелердин бири Европанын жалпы коопсуздугу болот. Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрү да Бириккен Араб Эмираттарына өз өкүлдөрүн жөнөтүүдө. Бирок азырынча алар сүйлөшүүлөрдүн түз катышуучулары болбойт.

Сүйлөшүүлөрдө кандай маселелер талкууланат?

Сүйлөшүүлөр башталар алдында Орусиянын, Украинанын жана АКШнын бийлик өкүлдөрү негизги көңүл коопсуздук маселелерине буруларын билдиришти. Бул маселелер Москва менен Киевге гана эмес, бүтүндөй Европага тиешелүү.

Сүйлөшүүлөргө бир нече күн калганда АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтондо Орусия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев менен жолугушкан. Сүйлөшүүдөн кийин Трамп жакын арада "чоң жана мыкты келишимге" жетишүүгө болоруна ишенимин билдирген.

Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер бул жерде Европанын коопсуздугунун жаңы системасы жана Украина менен Орусия үчүн коопсуздук кепилдиктери тууралуу сөз болуп жатканын тактаган. Вашингтон бул сунуштарды Абу-Дабидеги жолугушууда да талкуулоону көздөп жатат.

Орусиянын бийлиги да Бириккен Араб Эмираттарында коопсуздук кепилдиктери талкууланарын ырастады.

"Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде биринчи кезекте Орусиянын, Украинанын жана жалпы эле бул аймактын коопсуздугу маселеси турат. Биз мындай мамилени толугу менен колдойбуз",- деген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Украинанын президенти Володимир Зеленский ноябрдын башында Киев үчүн маанилүү болгон башка маселелерди атаган. Алардын катарына согуштук аракеттерди убактылуу токтотуу, энергетикалык келишимге келүү, Кара деңиздеги чыңалууну азайтуу, гуманитардык алмашуулар жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде жолугушуу уюштуруу кирет. Кийинчерээк Зеленский Украина коопсуздук кепилдиктери тууралуу да сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок биринчи кезекте Европанын эмес, Украинанын коопсуздук маселеси тууралуу сөз болушу керек экенин айткан.

The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө ок атышууну токтотуу маселеси каралбайт. Кремль буга чейин да согушту толук токтотуу боюнча келишимге кол коюлмайынча, согуштук аракеттердеги тыныгууларга кызыкдар эмес экенин бир нече жолу билдирген.

Күз башталгандан бери Трамп өзүнүн ортомчулугунун натыйжасында Москва менен Киев энергетикалык элдешүү боюнча макулдашканын эки жолу айткан. Ага ылайык, тараптар бири-биринин энергетикалык инфраструктурасына сокку уруудан баш тартышы керек болчу. Бирок мындай макулдашуу иш жүзүндө аткарылган жок.

Жолугушуунун алдында Жаред Кушнер согушту токтотуу планы жана коопсуздук маселелеринен тышкары, Украинанын келечектеги экономикалык өнүгүүсү жана гуманитардык чаралар да талкууланарын билдирген. Анын айтымында, бул чаралар адамдардын азабын жеңилдетүүгө жана согуштун оор кесепеттерин жоюуга багытталат.

Абу-Дабиге кимдер барат?

Үч тараптуу сүйлөшүүлөргө катыша турган делегациялардын курамы олуттуу өзгөрбөйт.

АКШнын атынан Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана анын күйөө баласы Жаред Кушнер сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жолугушууга чейинки бир нече жуманын ичинде алар Орусияга жана Украинага барып, ошондой эле Европадагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Украинанын делегациясын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Рустем Умеров жетектейт. Анын курамына "Эл кызматчысы" партиясынын парламенттеги фракциясынын жетекчиси Давид Арахамия, президенттин кеңсесинин башчысы Кирилл Буданов, анын орун басары Сергей Кислица жана аскердик чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкий кирет.

Орусиянын делегациясын бул жолу да президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт. Аны менен бирге Абу-Дабиге Тышкы иштер министринин эки орун басары - Сергей Рябков менен Михаил Галузин, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын эки башкармалыгынын өкүлдөрү Игорь Костюков жана Юрий Жигарловский барат.

Бул делегация мүчөлөрүнүн ичинен Сергей Рябков гана буга чейинки үч тараптуу сүйлөшүүлөргө катышкан эмес. Анын делегацияга кошулушу Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби менен байланыштуу болушу мүмкүн.

2021-жылы дал ушул Рябков Орусия Украинага толук масштабдуу басып кирерден бир аз мурда Батышка койгон коопсуздук талаптары боюнча сүйлөшүүлөрдү координациялаган.

Ал кезде Москва НАТОнун чыгышка кулачын жайдан баш тартууну жана 1997-жылдан кийин альянска кошулган өлкөлөрдүн аймагынан бардык аскер күчтөрүн, аскердик инфраструктураны чыгарууну Вашингтондон талап кылган.

Ошол сүйлөшүүлөргө катышкан Рябков маектеринин биринде НАТОго карата "буюмдарын жыйнап, кетиши керек" деген маанидеги кескин билдирүү жасаган.

Ак үй айрым, мисалы, курал-жарактарды көзөмөлдөө маселесин талкуулоого макул болгон. Бирок Кремлдин эң катуу талаптарын четке каккан.

Европалыктар Абу-Дабиге эмне үчүн барат?

Financial Times басылмасынын маалыматына караганда, АКШнын жаңы сунуштары европалык өлкөлөр үчүн күтүүсүз болгон. Ошондуктан алар континенттин коопсуздугу боюнча талкуулар алардын катышуусу жок өтүп кетпеши үчүн Абу-Дабиге өкүлдөрүн жөнөтүп жатышат.

"Соңку жумаларда Европа өлкөлөрү өз позициясын ачык билдире баштады. Биз америкалык ортомчуга Европанын келечегине байланыштуу маселелер талкууланганда биздин кызыкчылыктарыбыз менен талаптарыбыз сөзсүз эске алынышы керектигин түшүндүрдүк. Бул маселе биринчи кезекте Европага тиешелүү болгондуктан, Франция Европанын позициясын коргойт",- деди жолугушуунун алдында Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро.

Euronews жана Le Monde басылмаларынын маалыматына ылайык, Абу-Дабиге Улуу Британиянын, Германиянын жана Франциянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери барат. Италиянын өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө.

НАТОну баш катчынын аппаратынын жетекчиси Жеффри ван Леувен, Еврокомиссияны анын төрайымынын аппаратынын жетекчиси Бьорн Зайберт, Европа кеңешин анын төрагасынын кеңешчиси Анна-Мария Бура өкүлчүлүк кылат.

Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү мындай кеңири курамда сүйлөшүүлөргө биринчи жолу катышып жатышат. Бирок Орусия менен Украинанын бийлик өкүлдөрү билдиргендей, алар үч тараптуу жолугушуунун өзүнө катышпайт.

"Европалык өнөктөштөр менен өзүнчө координациялык жолугушууларды өткөрөбүз. Президент Зеленский белгилегендей, Европанын дипломатиялык процесстин катышуучусу болушу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз",- деп түшүндүргөн Украинанын делегация башчысы Рустем Умеров.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо сүйлөшүүлөр үч тараптуу форматта өтөрүн баса белгилеген.

"Европалыктардын катышуусуна келсек, америкалыктардын европалыктар менен, ошондой эле украиндердин европалыктар менен өзүнчө байланыш каналдары бар экенин билесиздер. Алар өз ара координация механизмин түзүп жатышса керек",- деген ал.

Орусиянын бийлиги согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө Европанын катышуусуна буга чейин да каршы болуп келген. Москва мындай позициясын Брюссель Украинанын бийлигине каржылык жана аскердик жардам көрсөтүп жатканы менен түшүндүрөт.

2026-жылдан бери Европада Орусия менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо мүмкүнчүлүгү бир нече жолу талкууланган. Бирок европалык лидерлер азырынча Москва менен түз сүйлөшүүлөрдө ким алардын атынан өкүлчүлүк кыларын чече элек.

Октябрдын аягында Финляндиянын президенти Александр Стубб менен Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере Владимир Путинге телефон чалып сүйлөшүшкөн. Бул кадамды баары эле колдогон жок. Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен кесиптештеринин мындай аракетин сынга алган.

Politico басылмасы, бул телефондук сүйлөшүү 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден берки Түндүк Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы эң олуттуу пикир келишпестиктердин бирине себеп болгонун жазган.

Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөр башталар алдында Кремль Европанын тынчтык жараянына катышуусу эртеби-кечпи зарыл болорун да мойнуна алды.

"Орусия менен Украинанын өз ара коопсуздугун камсыз кылуу маселеси талкууланганда, белгилүү бир этапта европалыктардын катышуусусуз бул маселени чечүү мүмкүн болбой калат",- деген Дмитрий Песков.