Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Ташиев каза болгон Амирдин окуясына байланыштуу үн катты, Касымалиев текшерүүнү тапшырды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу билдирүү жасады.
Ташиевдики делген билдирүүнү анын жакын санаалаштарынын бири Өткүрбек Рахманов өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.
Анда Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри кырсык тууралуу кабар алгандан кийин куткаруу иштерин өзү көзөмөлдөп, окуя болгон жерге барышы керек болчу деп эсептей турганын айткан.
Министр өз милдетин талаптагыдай аткарбаса, жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгилеген.
Ташиевдин айтымында, адамдын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда куткаруу операциясы тез жана так уюштурулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бардык мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылышы керек.
"Кырсык тууралуу кабар түшкөндө куткаруу операциясы тез, ыкчам жана туура уюштурулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы бардык мүмкүн болгон күчтөр жана каражаттар колдонулушу керек. Айрыкча, жардамга муктаж жана өмүрүнө коркунуч жаралган адамдын өзүнөн түздөн-түз кабар түшкөн болсо. Адамдын кырсыкка кабылганы тууралуу маалымат алгандан кийин министр кырдаал боюнча дароо маалымат алып, куткаруу кызматтары менен биргеликте ыкчам куткаруу операциясын уюштурушу керек болчу. Жогору жактан буйрук күтпөстөн, өзү окуя болгон жерге унаа менен же тик учак аркылуу жетиши зарыл эле. Ал жерде куткаруу операциясы толук аяктаганга чейин куткаруу иштерине жеке өзү жетекчилик кылышы керек болчу. Эгерде Өзгөчө кырдаалдар министри жогоруда айтылган аракеттердин баарын аткарып, бирок адамды сактап калууга мүмкүн болбосо, демек, анда анын колунан келбеген жагдайлар болгон.
Эгерде ал башкача аракет кылган болсо, анда адамдын өмүрүн сактап кала албаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Айрыкча, адам өзү куткаруу кызматына чалып, жардам сураган болсо!",- деген ал.
Ташиев маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айткан.
Касымалиевдин тапшырмасы
Ал ортодо Министрлер кабинетинин төрагасы, Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу жагдайларды ар тараптуу текшерүүнү тапшырды.
Текшерүүдө жардам сураган билдирүүнүн өз убагында кабыл алынып, тиешелүү кызматтарга жеткирилиши, издөө-куткаруу иштеринин уюштурулушу, бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсү, техникалык каражаттар менен адам ресурстарынын пайдаланылышы өзгөчө көңүлгө алынышы керек экени айтылган.
Ошондой эле берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жана текшерүүнүн жыйынтыгын коомчулукка өз убагында жарыялоо милдети жүктөлгөн.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталса, мыйзам алкагында тиешелүү чечимдер кабыл алынат",- деп жазылат маалыматта.
14 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арчага кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күнү кечки саат 19:02де ал 112 кызматына чалып, Адыгене чокусунан түшүп келе жатып адашып кеткенин билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.
Өспүрүмдү издөө иштери эки күндөн ашык уланып, 9-ноябрда саат 16:00 чамасында куткаруучулар анын сөөгүн Электро чокусунун аймагынан табышкан. Алдын ала маалымат боюнча, бала үшүп каза болгон болушу мүмкүн.