Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү: азырынча эмне белгилүү?
Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында шейшемби күнү Орусия, Украина жана АКШнын катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүүлөр кайрадан башталды. Жолугушуулар февралда токтоп калган эле. Вашингтондун демилгеси менен тараптардын билдирүүлөрүндө эми Орусиянын да, Украинанын да коопсуздук кепилдиктери тууралуу маселе көбүрөөк козголо баштады.
Ошол эле учурда Москва ок атышууну токтотуу маселесин талкуулоодон баш тартып келет. Киев согушту токтотууну мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн негизги шарты деп эсептейт.
ТАСС агенттигинин кабарчысы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнү төрт жарым саатка созулду. Экинчи раунд шаршемби, 11-ноябрда өтөт.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио биринчи күндөгү жолугушууну "абдан жемиштүү" деп баалаганын Reuters агенттиги жазды. Бирок Рубионун өзү БАЭнин борборунда эмес, Парижде G7 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышып жатат.
Абу-Дабидеги америкалык ортомчулар, Орусия менен Украинанын делегациялары да азырынча жолугушуунун жыйынтыгы боюнча расмий билдирүү жасай элек.
Сүйлөшүүлөр кандай башталды?
Абу-Дабиге келген Орусиянын делегациясынын курамы февраль айындагыга караганда кеңейтилген. Анын курамына бул жолу биринчи жолу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Бешинчи кызматынын жетекчиси Алексей Комков жана анын орун басары Дмитрий Минаев кирди. ФСБнын Бешинчи кызматы мекеменин чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө жооп берет. Мындан тышкары, Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков да (министрдин дагы бир орун басары Михаил Галузин менен бирге), ошондой эле Башкы штабдын маалымат башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Александр Зорин делегациянын курамына биринчи жолу кошулду.
"Биздин делегациянын курамы кеңейип, дагы да кесипкөй болуп калды",- деди Орусиянын делегациясын жетектеген Владимир Мединский. Бирок ал жаңы катышуучулардын сүйлөшүүлөргө эмне себептен кошулганын түшүндүргөн жок.
"Бизге президент [Володимир] Зеленский бардык маселелерди талкуулоо боюнча ыйгарым укук берди. Бул - эл согушту токтотуу үчүн чечилишин күтүп жаткан маселелер. Биз бекем жана туруктуу тынчтыкка жетише алабыз деп үмүттөнөбүз",- деди Украина делегациясынын башчысы Рустем Умеров.
Абу-Дабидеги жолугушуулар жабык эшик артында өтүп жатат. Орусия менен Украинанын өкүлдөрү февраль айынан бери биринчи жолу кайрадан сүйлөшүү үстөлүнө отурушту. Алардын ортосунда АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер отурду. Алар октябрь айында алгач Зеленский, андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан.
Жолугушуунун башында Кушнер АКШнын тынчтыкка жетүү процессинде алдыга жылууга мүмкүндүк бере турган бир катар конструктивдүү сунуштары бар экенин айтты. Ал билдиргендей, президент Дональд Трамп тынчтыкка жетишүүгө бекем ниеттенип жатат.
"Ал бизден согушту токтотуп гана тим болбостон, эки тараптын тең позициясын кыйла бекемдөөгө мүмкүндүк бере турган чечимди табуу үчүн кошумча күч-аракет жумшоону суранды",- деди Кушнер.
Октябрь айында Уиткофф америкалык ортомчулар тынчтыкка жетишүү боюнча жаңы ыкмаларды сунуштаганын билдирген. Бирок ал сунуштардын чоо-жайын ачыктаган эмес.
Өткөн аптада АКШ өкүлдөрү, анын ичинде Кушнер Брюсселде Украина, НАТО жана Евробиримдиктин өкүлдөрү менен дагы бир жолу жолугушкан. Жолугушуудан кийин Кушнер "Европанын коопсуздугунун кеңири архитектурасын" түзүү зарылдыгын айткан.
Мындай ыкманы Москва колдоп, Европа өлкөлөрү этият кабыл алды. Абу-Дабиде Орусия менен сүйлөшүүлөр башталганга чейин Украинанын делегациясы Улуу Британия, Франция, Германия, Италия, НАТО жана Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушту. Ага Уиткофф менен Кушнер да катышты.
Жолугушуудан кийин Уиткофф X социалдык тармагына билдирүү жарыялап, анда согуш аяктагандан кийинки коопсуздук келишимдери талкууланганын жазды. Ошондой эле катышуучулар "согуштан кийинки Европанын туруктуу коопсуздук архитектурасын түзүүгө берилгендигин дагы бир жолу ырасташканын" белгиледи.
Ошол эле учурда Абу-Дабидеги Орусия делегациясынын өкүлү журналисттерге жашыруун билдирүү таратып, "Украина маселесин жөнгө салуу өтө маанилүү болгону менен, бул кеңири талкуунун бир гана бөлүгү" экенин айтты. Анын сөзүн Reuters жана Орусиянын маалымат агенттиктери таратты.
Украинанын делегациясына жакын булак "Украинская правда" басылмасына билдиргендей, Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө тараптар чындап эле коопсуздук кепилдиктерин, Орусиянын талаптарын жана согуштан кийинки келечекке байланышкан маселелерди талкуулашкан.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Украинага жана жалпы Европага берилчү коопсуздук кепилдиктерине бурулган. Мындан тышкары, Орусиянын өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптары да өзүнчө талкууланган.
"Украина тараптын негизги позициясы - адегенде согуш токтош керек. Андан кийин гана Европада узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылып, келечекте агрессиянын кайталанышына жол бербеген жаңы коопсуздук архитектурасын түзүүгө өтүүгө болот",- деди басылмага маек берген булак.
Украинанын президенти Володимир Зеленский кечинде сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын "конструктивдүү жана мазмундуу" деп баалады.
"Мен азыр эле Абу-Дабидеги биздин команда менен сүйлөштүм. Орусиялыктар менен сүйлөшүү оңой эмес. Алар, жумшартып айтканда, биздин эң жакшы досторубуз эмес",- деди Украина президенти журналисттерге.
Орусия Украина менен Европанын согуштук аракеттерди токтоосуз токтотуу талабын четке кагууда.
"Мындан ары эмне болору белгисиз болуп туруп, элдешүүгө же ок атышууну токтотууга, аны кандай атабайлы, биз макул болбойбуз",- деп билдирди шаршемби күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
"Келечектеги коопсуздук архитектурасынын так параметрлерин аныктап алып, андан кийин гана Орусия-Украина жаңжалын жөнгө салууга өтүү идеясы толугу менен негиздүү",- деди ал.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен дүйшөмбү күнү коопсуздук маселелери боюнча кеңири талкуулар ок атышууну токтотуу режими орнотулгандан кийин гана жүргүзүлүшү керектигин билдирген.
Жалпыга маалымдоо каражаттары эмне деп жазып жатат?
The New York Times басылмасы сүйлөшүүлөргө катышкан өкүлдөр негизги көңүлдү коопсуздук кепилдиктерине бурарын жазган. Сүйлөшүүлөрдүн максаты - аймактык дооматтарды талкуулоонун ордуна Европанын коопсуздугуна байланышкан кеңири маселелерди кароо. Мунун натыйжасында азыркы туңгуюктан чыгууга жол ачылат деген үмүт бар.
АКШ ортомчулары Зеленский менен Путин негизги маселе - аймактар боюнча мунасага келе алат деп эсептешет. Мында эки тарап тең өз талаптарынын бир бөлүгүнөн баш тартууга тийиш. Бул тууралуу америкалык аткаминер Reuters агенттигине билдирген.
Сунушталып жаткан келишимге ылайык, Украина согушту токтотууга, коопсуздук кепилдиктерине жана Евробиримдикке мүчө болуу боюнча "жол картасын" иштеп чыгууга жетише алмак.
Бирок Украинанын жогорку кызматтагы өкүлдөрүнүн бири өкмөт мындай жеңилдиктерге барбай турганын билдирип, бул мүмкүнчүлүктү четке каккан. Reuters агенттигинин жазганына караганда, аймактык маселе мамлекет башчыларынын деңгээлинде гана жана Украинага тийиштүү коопсуздук кепилдиктери берилген шартта талкууланышы мүмкүн.
Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдүн алдында Украина Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна соккуларын күчөтсө, Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине чабуулдарын көбөйттү.
Мындай чыңалууга карабастан, АКШ президенти Дональд Трамп өткөн аптада Кушнердин сөзүн улап, "Украинадан тышкары маселелерди да камтыган ири келишимге" жетишүү мүмкүн экенин билдирген.
"Ал тургай бул келишим бүтүндөй Европаны камтышы мүмкүн. Бул укмуштуудай, эң сонун келишим болот жана баары ага абдан ыраазы болушат",- деген Трамп журналисттерге.
Буга чейин да ал Украинадагы согушту токтото турган келишим жакында түзүлүшү мүмкүн экенин бир нече жолу билдирген.
Трамптын бул сөздөрү Европанын бир катар расмий өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратты. Алар Европанын коопсуздугу боюнча бардык сүйлөшүүлөргө тиешелүү тараптар түздөн-түз катышышы керектигин жана Орусия Европадагы коопсуздук саясатын аныктоого таасир этпеши зарылдыгын белгилешкен.
АКШнын мамлекеттик катчысы жаңжал аяктагандан кийин Европанын коопсуздук архитектурасы кандай болушу мүмкүн экенин талкуулоодо "алдыга жылыш бар" деп билдирген.
2022-жылдын февраль айында Украинага толук масштабдуу басып кирүү башталганга чейин Орусия 1997-жылдан кийин НАТОго кошулган өлкөлөрдүн аймагынан альянстын күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылган. Бирок НАТО бул талапты четке каккан.
Axios басылмасынын маалыматына караганда, Ак үйдө сүйлөшүүлөрдүн кайра жанданышына байланыштуу "этият үмүт" бар.
Басылма булактарынын айтымында, президент Трамп жана анын командасы АКШ Орусиянын дизель майына байланыштуу санкцияларды убактылуу токтотуп, Москвага жаккан башка кадамдарга баргандан кийин Путин мунасага көбүрөөк даяр болот деп үмүттөнүүдө.
"Путин менен түзүлгөн мамилелерибиз бул сүйлөшүүлөрдө маанилүү роль ойнойт",- деген булактардын бири.
Axios басылмасынын маалыматына караганда, Абу-Дабидеги жолугушуулардан кийин Уиткофф менен Кушнер Москвага жана Киевге барып, Путин жана Зеленский менен түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү мүмкүн.
"Келишимге жетишүү жолунда олуттуу жылыш болуп, пикир келишпестиктерди азайтууга мүмкүнчүлүк бар. Тараптарды кайрадан сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу оңой болгон жок. Бирок ортомчулар катары биз үмүттөнүп жатабыз",- деген булак.
Анын айтымында, Уиткофф менен Кушнер Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдү Путин менен Зеленский кабыл алышы керек болгон чечимдерди так белгилөө үчүн колдонууга ниеттенүүдө.
Ошол эле учурда тараптар ачык билдирүүлөрүндө мурдагы позицияларынан баш тарта элек. Axios басылмасы белгилегендей, Орусия Донбасстын бүт аймагын көзөмөлгө алууну талап кылууда. Украина аймактарды фронттогу учурдагы байланыш сызыгы боюнча бөлүштүрүүнү жактайт.
Бирок басылманын маалыматына караганда, америкалык расмий өкүлдөр жабык сүйлөшүүлөрдө акыркы жумаларда эки тарап тең аймактык маселеде белгилүү бир деңгээлде ийкемдүүлүк көрсөтө баштаганын айтышууда.
Алардын пикиринде, коопсуздук кепилдиктери боюнча макулдашууга жетишмейинче аймактар маселеси боюнча бир пикирге келүү мүмкүн эмес.