Мурдагы мэр Бактыбек Адылов жана Амур Айба Медер президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 11-ноябрда, дагы эки киши президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз менен кайрылды. Алардын бири Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Бактыбек Адылов, экинчиси Амур Айба Медер аттуу жаран. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, алар өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде арыз жазды.

Бакытбек Адылов 44 жашта. Ал 2011-2012-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеген. 2015-2016-жылдары Мамлекеттик миграция кызматын жетектеген.

2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутаттыкка талапкер болгон.

Амур Айба Медер тууралуу ачык булактардан кеңири маалымат табууга мүмкүн болгон жок. Айрым маалымат каражаттары анын "БОйл" ишканасынын жетекчиси болгонун жазышты. Компания мунай заттарын кайра иштетип, тазаланган мунай продуктуларын, мунай калдыктарынан жасалган брикеттерди өндүрүү менен алектенет.

11-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан тогуз арыз келип түшкөн.

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров Исхак Масалиев Садыр Жапаров жана Бактыбек Калмаматов арыз менен кайрылган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.