Мурдагы мэр Бактыбек Адылов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди

Сүрөттүн булагы, Official
Бүгүн, 11-ноябрда, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Бактыбек Адылов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.
Маалыматка караганда, ал өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз жазды.
Бакытбек Адылов 44 жашта. Ал 2011-2012-жылдары Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеген. 2015-2016-жылдары Мамлекеттик миграция кызматын жетектеген.
2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен депутаттыкка талапкер болгон.
11-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан сегиз арыз келип түшкөн.
Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров Исхак Масалиев Садыр Жапаров жана Бактыбек Калмаматов арыз менен кайрылган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
























