Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди

Official
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 10-ноябрда, Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, ал өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз жазды.

10-ноябрына карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түшкөн.

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров жана Исхак Масалиев арыз менен кайрылган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Садыр Жапаров 2020-жылдагы саясий кризистен кийин мамлекеттин башына келген. Мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгында 79,20 пайыз добуш менен жеңишке жетип, президенттик кызматка расмий 2021-жылдын 28-январында киришкен.