Абактагы Максат Кунакуновго тоодо адашып каза болгон уулунун тажиясына барууга уруксат берилди

Максат Кунакунов.
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагында камакта жаткан Максат Кунакуновго тоодо адашып көз жумган уулу Амир Кунакуновдун тажиясына барууга уруксат берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен Би-Би-Сиге билдиришти.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Максат Кунакуновдун ишин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тергеп жатканын, тажияга барууга уруксат берүү же бербөөнү тергөө чече турганын билдирген. Ал Бишкектеги 21-мекемеде (№1 тергөө абагы) кармалууда.

7-ноябрда Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Амир Кунакунов каза болгону аныкталып, сөөгү бүгүн, 9-ноябрда табылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Кийинчерек ал Максат Кунакуновдун баласы экени белгилүү болгон.

Максат Кунакунов 2007-2010-жылдары "Ак Жол" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2015-жылы ал бир катар кылмыштар, анын ичинде "терроризм, курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо" боюнча айыпталып кармалган. 2017-жылы сот аны он жылга эркинен ажыратууга өкүм кылып, 2019-жылы шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотушкан. Экс-депутат айыптарды четке кагып, абакта кыйноого кабылганын билдирген. Максат Кунакунов кийин кайра камалган.

Куткаруу ишине айтылган сындар жана ӨКМдин маалыматы

Амир 7-ноябрда Ала-Арчада өтө турган чуркоо мелдешине катышууну каалап, апасынан уруксат сураган. Апасы макул болбогондуктан, ал телефон аркылуу агасына байланышып, андан уруксат алгандан кийин үйдөн чыгып кеткен.

Бирок жашы жете элек болгондуктан, уюштуруучулар аны мелдешке катыштыруудан баш тартышкан. Андан кийин Амир тоого өз алдынча кеткен.

Жакындарынын маалыматына караганда, аны ошол күнү саат 14:00 чамасында "Электро" унаа токтотуучу жайынан көрүшкөн. Кечинде, болжол менен саат 19:00–20:00дө, Амир Өзгөчө кырдаалдар министрлигине телефон чалып, адашып калганын билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн. Коомчулукта Өзгөчө кырдаалдар министрлигин Амирди дароо издеп чыкпаганы үчүн сындап жатышат. Министрлик буга байланыштуу билдирүү жасады.

"2026-жылдын 7-ноябрында саат 19:02дө 112 кызматына 2011-жылы туулган жарандан чалуу түшүп, ал Адыгене чокусунан түшүп келе жатып жолдон адашып калганын билдирген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Диспетчер жаран менен сүйлөшүп, маалыматты кабыл алган соң, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун (ГЦПС) ыкчам нөөмөтчүсүнө өткөрүп берген.

Маалымат түшкөндөн кийин ыкчам нөөмөтчү жаран менен байланышып, анын жайгашкан жерин тактаган.Алынган маалыматтарга ылайык, жаран Электро чокусунун аймагында экени аныкталган.

Бул учурда нөөмөттө турган «Эдельвейс» куткаруучулар тобу Рацека алачыгынын аймагында болуп, башка жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Саат 22:00дө Рацека алачыгынын аймагында жүргөн куткаруучуларга жарандын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат жеткен. Буга чейин тоолуу аймакта байланыш сигналы жок болгондуктан, куткаруучулар тобу менен байланышып, маалыматты жеткирүү мүмкүн болгон эмес. Рацека алачыгынын аймагынан ылдый түшүү болжол менен эки саатка созулгандыктан, издөө иштерин баштоо үчүн тиешелүү жерге жетүүгө убакыт талап кылынган.

Рацека алачыгынын куткаруучулар тобу экиге бөлүнгөн. Үч куткаруучу дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө багыт алса, калган куткаруучулар башка жаранды эвакуациялоо иштерин улантышкан. Түнкү саат 00:00 чамасында куткаруучулар Электро чокусун көздөй издөө иштерине чыгышкан" деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Социалдык тармактарда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишти туура эмес уюштурган деген дооматтар айтылып жатат.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин актануу-түшүндүрмөсү дагы бир чоң проблеманын башын ачты! Бул жетекчилигинин карапайым куткаруучулардын өмүрүнө кайдыгер, шалаакы мамилеси. 14 жашар Амир жардам сурап чалган убак 7-ноябрь, 19.00дө 5 куткаруучу башка бир жабырлануучуну түшүрөбүз деп Хижина Рацекада жүрүшкөн экен. Алар ылдыйлап, байланышууга мүмкүн болгон 22.00дө "Электродогу Амирди куткаргыла" деген буйрук барат. Сайга түшкүчө дагы эки саат өтөт. Ал жерден бешөөнүн үчөө 8-ноябрга оогон түн 00.00дө Амирди издегени Электрону карай жөнөшөт. Чарчаган куткаруучулар эффективдүү иштей алмакпы? Алардын ордуна Бишкектен жөнөтсө 2 саатта Электрого чыгып барышмак. Балким бала тирүү табылмак. Же килейген МЧС 5 гана тоо куткаруучусуна күнү түшүп калганбы??" деп жазды журналист Али Токтакунов.