Мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди

Сүрөттүн булагы, Facebook
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты.
"Президент Садыр Жапаров өзүнүн акыркы билдирүүсүндө ар бир жарандын президенттик шайлоого катышууга укугу бар экенин жана бул укукту ишке ашырууга эч ким тоскоолдук кылбашы керектигин белгилеп, тиешелүү кепилдигин берген эле. Мамлекет башчысынын бул билдирүүсүн эске алуу менен, мен да алдыдагы президенттик шайлоого катышып, өз талапкерлигимди коюу мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткан учурум.Президенттик шайлоого аттанууну көздөгөн бардык талапкерлерге ийгилик каалайм. Эң башкысы, шайлоо адилеттүү, ачык-айкын жана мыйзам чегинде өтсүн!",- деген ал.
2023-жылдын декабрь айында Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
2024-жылдын 10-январында парламент депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Ошол эле күнү Жогорку Кеңеште УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Жамгырчиевдин Өзбекстандагы кримтөбөл Салим Абдувалиев менен жолугушуусу тууралуу маалымат берген.
24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамгырчиевди УКМКнын тергөө абагына камакка алган. 2-февралда, анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.
2024-жылдын 2-февралында Борбордук шайлоо комиссиясы Жамгырчиевдин жеке арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Былтыр Бишкектин Биринчи май райондук соту Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши боюнча кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү жана айыптоонун мазмунун өзгөртүү маселесин кароо үчүн Башкы прокуратурага кайтарган.
Жамгырчиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан саясий куугунтукка жана кысымга кабылганын билдирип келет. Анын айтымында, дал ушул жагдайлардан улам депутаттык мандатын тапшырууга аргасыз болгон.
Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт.
Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына беш жаран арыз тапшырган. Алар, Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров жана Исхак Масалиев. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.




























