"Жакшы иштегенибиз үчүн бизге асылып жатышат". Рубио жана Хегсет кызматтан кетиши мүмкүнбү?

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
- Author, Би-Би-Синин орус кызматы
- Role, Жаңылыктар бөлүмү
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
Республикачылар үчүн ийгиликсиз өткөн Конгресске аралык шайлоодон кийин Трамптын администрациясындагы кадрдык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында коргоо министри Пит Хегсет жана мамлекеттик катчы Марко Рубио кызматтан кетиши мүмкүн деген маалыматтарды Ак үй четке кагууда.
Рубионун туруму бекемдей көрүнгөнү менен, америкалык медиа каражаттары жазгандай, республикачылар Иранга каршы согуш үчүн жоопкерчиликти Хегсетке жүктөгөнгө аракет кылышы ыктымал. Республикачылар шайлоодо жеңилип калууга Иранга каршы согуш негизги себеп болду деп эсептешет.
Шайлоодон кийин Конгресстен кетип жаткан республикачылардын бири Томас Масси келаткан аптада эле Хегсетке импичмент жарыялоону добуш берүүгө коюу демилгесин көтөрөрүн билдирди.
Пентагондун башчысы бул билдирүүгө видеокайрылуу менен жооп кайтарып, ага каршы импичмент жараянын баштоо аракетин "калпыс" деп атады. Анын пикиринде, бул демилгенин артында "жеңилип калганына нааразы болгон конгрессмен жана анын демократ союздаштары" турат.
"Биз жакшы иштегенибиз үчүн алар бизге асылып жатышат, - деди Хегсет. – Алардын колунан эч нерсе келбейт. Биз артка чегинбейбиз".
Марко Рубио болсо, 2028-жылы өтчү президенттик шайлоонун алдында мамлекеттик катчы кызматын тапшырганы жатат деген билдирүүлөрдү сынга алды. New York Times гезитине берген маегинде Рубио Трамптын президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин анын командасында иштөөнү "дайыма пландап келгенин" айтты.
"Мага жасап жаткан ишим жагат", - деди ал.
"Жакында кызматтан кетет деген сөздөргө күлкүм келет. Менин буга жообум: ошондо кайсы кызматыман кетем?", - деп тамашалады Рубио. Ал мамлекеттик катчы менен Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматтарын айкалыштырып келет.
Ошол эле учурда Рубио NYT гезитинин "2028-жылы президенттикке ат салышууга ниетиңиз барбы?" деген суроосуна жооп берген жок.
"Мындан ары 2028-жыл тууралуу такыр сөз кылбайм", - деди Рубио.
Бирок Рубионун айтымында, эгерде Вэнс президенттикке ат салышууну чечсе, ал анын талапкерлигин колдомок.
Ак үй жана АКШнын Мамлекеттик департаменти өз билдирүүлөрүндө медиа каражаттарынын "Рубио ушул аптадагы аралык шайлоодо республикачылардын жеңилүүсүнөн кийин кызматтан кетиши мүмкүн" деген божомолдорун "фейк" деп аташты.
"Согуштун айынан утулуп калдык"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Пентагондун башчысынын саясий келечеги бүдөмүк. Маалымат каражаттарында эксперттер республикачылар Ирандагы согуш үчүн жоопкерчиликти Хегсеттин мойнуна жүктөөгө аракет кыларын айтышууда.
Трамп жана Вэнс да республикачылардын шайлоодо жеңилип калуусуна АКШ менен Израил сегиз айдан бери Иранга каршы жүргүзүп жаткан согуш себепчи болгонун айтышты. "Биз согуштун айынан утулуп калдык", - деп жазды 4-ноябрда Х тармагына Вэнс.
Би-Би-Синин америкалык өнөктөшү болгон CBS News телеканалы өз булактарына таянып, Трамп кеңешчилери менен коргоо министри Пит Хегсеттин саясий келечегин талкуулаганын кабарлады. CBS News каналына жеткен маалыматар боюнча, Хегсеттин ордуна Флориданын губернатору, республикачы Рон Десантис каралып жатат.
Бирок телеканалдын булактарынын ырасташынча, Трамп азырынча Хегсетти кызматтан кетирүү тууралуу чечимди кабыл ала элек.
ABC News телеканалына берген маегинде Дональд Трамп "Хегсет боюнча телефон чалуулар болгонуна карабастан, аны коргоо министри кызматында калтыруу ниетим бекем", - деп билдирди.
4-ноябрда, журналисттердин "Хегсетти кызматтан алууну пландап жатасызбы?" деген суроосуна Трамп: "Жок, ал өз ишин мыкты аткарып жатат деп эсептейм", - деп жооп кайтарган.
5-ноябрда Трамп Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Пит Хегсет коргоо министри кызматында "эбегейсиз көп иштерди жасаганын" айтты. Трамп Хегсеттин жетишкендиктерин санап, анын ичинде Венесуэланын лидери Николас Мадурону камакка алуу операциясын да эске салды.
CBS News белгилегендей, шайлоого чейин эле демократтар Хегсетке импичмент жарыялоо жол-жобосун баштоого аракет кылышкан. Эми демократтар Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүк мандатка ээ болгондон кийин бул багытта жаңы аракеттерди көрөт деген ыктымалдуулук кыйла жогору.
Америкалык медиа каражаттары Хегсет Сенатта Теннесси штатынан бошогон орунга талапкерлигин коюшу мүмкүн деп жазышууда. Анткенменен Трамп журналисттерге "Хегсет бул кызматта абдан популярдуу болмок, бирок менде мындай маалымат жок", - деп айтты.
Washington Post гезити Трамп Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Дэн Кейнди же Борбордук командачылыктын (CENTCOM) кол башчысы, адмирал Брэд Куперди отставкага кетирүү мүмкүнчүлүгүн да карап жатканын жазды. Экөө тең Иран менен согушуу стратегиясын даярдоодо маанилүү ролду ойношкон. (ZMa)




























