Nvidia'нын башчысы ала жипти аттаганын мойнуна алды. Компания анын мамилесин иликтеп жатат

Nvidia’нын башчысы Женсен Хуанг аялынын көзүнө чөп салганын мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга убада берди.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Nvidia'нын башчысы Женсен Хуанг аялынын көзүнө чөп салганын мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга убада берди
    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-Би-Синин Орус кызматы
  • Published
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Чиптерди өндүрүүчү Nvidia аттуу ири америкалык компания өз жетекчиси тууралуу билдирүүлөрдү текшериш үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзөрүн жарыялады. Жакында эле Nvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуанг Кытайдын атайын кызматтарына иштеген аял менен жакын мамиледе деген маалымат чыккан. Хуанг өзү болсо, аялынын көзүнө чөп салганын мойнуна алды.

Nvidia билдиргендей, бул компаниянын Директорлор кеңешинде кандайдыр бир жашыруун маалыматтар ачыкка чыгып кетти же АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаралды деп шектенүүгө негиз жок. Фирма Хуанг мындан ары да жетекчи болуп ишин улантууну пландап жатканын кошумчалады.

Nvidia'нын билдирүүсүндө "компания негиздөөчүбүз жана Директорлор кеңешинин башчысы Женсен Хуанг чет элдик чалгын кызматынын операциясынын бутасына айланганы тууралуу акыркы билдирүүлөрдөн улам көз карандысыз иликтөөнү баштамай болду" деп айтылат.

"Директорлор кеңеши АКШнын улуттук жана экономикалык коопсуздугун биринчи орунга коёт. Бул Nvidia'нын жана анын акционерлеринин кызыкчылыгы үчүн өтө маанилүү маселе, - деп билдирди компания. – Улуттук коопсуздукка коркунуч жаралды же Nvidia'нын жашыруун маалыматтары ачыкка чыкты деп эсептөөгө негиз жок болсо да, Директорлор кеңеши дайындаган иликтөө бардык жеткиликтүү маалыматты изилдеп чыгат".

Чуулгандуу макалаларда кандай маалыматтар бар?

Nvidia – жасалма интеллект үчүн чиптерди өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы компания
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Nvidia – жасалма интеллект үчүн чиптерди өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы компания

Хуангдын Кытайдын тыңчысы деп болжолдонуп жаткан аял менен жакын мамилеси тууралуу New York Times гезити кабарлаган.

Гезиттин маалыматтарына ылайык, Nvidia'нын директору Кытайдын жараны Элис Хуанг аттуу аял менен жакын мамиледе (Элис америкалык компаниянын башчысынын тууганы эмес, болгону фамилиялары окшош).

Элис Хуанг Сингапурда жайгашкан Megaspeed компаниясы менен байланышта. Бул компания дайындар борборлорун башкарат жана Nvidia'дан чиптерди сатып алып турат.

New York Times басылмасы шилтеме берген булактардын ырасташынча, АКШнын атайын кызматтары Элис Хуангдын (ал Хуанг Лэ деген ат менен да белгилүү) артынан түшүп, ал Кытай өкмөтүнүн тапшырмасын аткарып жүргөнүн аныкташкан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Британиянын Financial Times гезити "Американын чалгын кызматынын пикири боюнча, Элис Хуангды Кытайдын Мамлекеттик коопсуздук министрлиги жалдаган" деп белгилейт.

FT гезити жазгандай, америкалык атайын кызматтар даярдаган отчетко ылайык Женсен Хуанг Элис Хуанг менен романтикалык мамиледе болгон. Буга чейин социалдык тармактарга Nvidia'нын башчысы Элис Хуанг менен түшкөн сүрөттөр чыккан.

New York Times гезитинин маалыматына караганда, АКШнын атайын кызматтары Элис Хуангдын артынан бир жыл мурда түшүшкөн. Алар Элис Женсен Хуанг менен кат алышып турганын аныкташкан. АКШнын чалгын кызматкерлери бул баарлашуу романтикалык мүнөздө болгон деп баалашкан.

NYT гезити маалымдагандай, болжол менен бир жыл мурда АКШнын президенти Дональд Трампка Элис Хуанг аңдууга алынганы тууралуу кабар беришкен. Жекшембиде журналисттер Трамптан "бул маалыматка жооп катары кандайдыр бир чара көрүшүңүз керек беле?" деп сурашты. "Жок, андай деп ойлобойм. Мен аны татыктуу жигит деп эсептейм", - деп жооп берди АКШнын президенти.

FT басылмасынын маалыматы боюнча, америкалык компаниянын башчысынын Кытайдын тыңчысы деп болжолдонгон аял менен мамилеси тууралуу баяндама Трамптын Бээжинге сапарына жана ушул жылдын сентябрында Кытайдын башчысы Си Цзинпин менен жолугушуусуна аз калганда АКШнын жогорку кызматтагы адамдарынын арасында тарай баштаган.

Элис Хуанг Бээжинге кандай маалыматтарды өткөрүп берген, бул маалыматтар канчалык баалуу жана аларды качан чогулта баштаган болушу мүмкүн деген суроолор азырынча жоопсуз калууда.

Элис Хуанг New York Times гезитинин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

Кытай буга чейин Nvidia компаниясынын жетекчисине каршы тыңчылык боюнча айыптоолорду четке кагып, аларды "негизсиз жоромолдор" деп атаган.

Женсен Хуанг өзү эмне дейт?

Буга чейин Женсен Хуанг Bloomberg агенттигине берген маегинде Megaspeed фирмасынын өкүлүнө карата АКШнын иликтөөсү тууралуу маалыматка пикирин айткан. "Биздин мамилебиз, биздин байланышыбыз Megaspeed компаниясына гана тиешелүү жана кадыресе мүнөздө болчу. Бул мамиледе адаттан тыш эч нерсе болгон эмес", - деген эле Женсен Хуанг.

Сүрөттө: Хуанг компанияны 30 жылдан ашык убакыттан бери жетектеп келатат.

Бирок ушул дем алыш күндөрү Nvidia'нын башчысы аялынын көзүнө чөп салганын мойнуна алып, бул үчүн "бардык жоопкерчиликти өзүнө аларын" белгиледи.

"Мен ала жипти аттадым. Менин аракеттерим жубайымдын жана балдарыбыздын жүрөгүн оорутту. Менин кылганымды эч нерсе актай албайт. Мен кечирим сурайм", - деп жазды Женсен Хуанг.

"Nvidia компаниясынын Директорлор кеңеши медиа каражаттарында сөз болуп жаткан улуттук коопсуздукка байланыштуу кооптонуулар боюнча өзүнүн көз карандысыз иликтөөсүн баштады. Мен бул иликтөөнү колдойм жана Кеңеш менен толук кызматташам".

"Мен өлкөбүздү жана компаниябызды жакшы көрөм. Мен Nvidia'ны коргойм жана АКШнын улуттук коопсуздугун колдойм. Мен америкалык болгонума абдан сыймыктанам жана бул үчүн ыраазымын".

Nvidia'нын мааниси жана Женсен Хуандын ролу кандай?

Женсен Хуанг Nvidia компаниясын 30 жылдан бери жетектеп келатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Женсен Хуанг Nvidia компаниясын 30 жылдан бери жетектеп келатат

Nvidia – дүйнөдөгү ири жана кымбат компаниялардын бири. Кубаттуу компьютердик чиптерден көз каранды болгон жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүдө бул компания микропроцессорлорду өндүрүүчү катары негизги ролду ойнойт. Учурда Nvidia компаниясынын рыноктук баасы 4,5 триллион доллар деп бааланууда.

Би-Би-Синин кабарчылары белгилегендей, Хуанг бул фирманы банкроттуктан бир нече жолу сактап калган жана жасалма интеллект азыркыдай бардык жерде колдонула электе эле ишинин багытын жасалма интеллектке бурган.

Башында Nvidia негизинен компьютердик оюндар үчүн микропроцессорлорду чыгарчу, бирок Хуанг аларды жасалма интеллекттин өнүгүү келечегин эске алуу менен иштеп чыгууну чечкен. Мындай кадам акыркы жылдары компаниянын капиталдашуусунун кескин өсүшүнө алып келди.

Учурда Элиске байланышкан жаңжал башын көтөрбөй иштеген, эмгекчил, ар бир ишти майын чыгара жасаган жана кызматкерлеринен ар дайым эң жогорку стандарттарды талап кылган адам катары таанылган Женсен Хуанг үчүн олуттуу сокку болду.

Кытай үчүн Nvidia эмнеси менен маанилүү?

Өткөн аптада АКШ Конгрессинин үч мүчөсү Хуангга кат жазып, анын Элис Хуанг менен мамилеси тууралуу маалыматтарга байланыштуу көрсөтмө берүүнү өтүнүшкөн. Алар Nvidia компаниясынын жетекчисине "чет элдик душмандык тыңчылыкка жол бербөө максатын көздөгөн коопсуздук протоколдору" тууралуу айтып берүүнү сунуш кылышкан.

Жасалма интеллект жаатында АКШ менен атаандашууга аракет кылып келаткан Кытай Nvidia компаниясы чыгарган микропроцессорлорду сатып алууга кызыкдар. Бирок Вашингтон буга чейин мындай продукциялардын экспортуна чектөө киргизип келген, ушунун айынан Кытай менен мамилелерде чыңалуу да жаралган.

Атап айтканда, АКШнын бийлиги Кытайга эң алдыңкы Nvidia H200 процессорлорун ташууга тыюу салган. Буга кытайлык компаниялар жасалма интеллект жаатында америкалык компаниялардан озуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар себеп болгон.

Бирок ушул жылдын январь айында Трамптын администрациясы H200 процессорлорун Кытайга белгилүү бир шарттар менен жеткирүүгө уруксат берген. (ZMa)