"Шалаакылык": Амирди сактап калууга мүмкүн беле?

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында адашып, тоңуп каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгү 10-ноябрда жерге берилди. Өспүрүмдүн өлүмү коомчулукта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу иштерин уюштуруусуна байланыштуу суроолорду жаратты.
Амирдин жакындарынын айтымында, ал дайынсыз жоголгон 7-ноябрда кечки саат алты чамасында эле ӨКМге жардам сурап кайрылган. Алардын пикиринде, эгер куткаруучулар ага өз убагында жеткенде, өспүрүмдүн өмүрүн сактап калууга мүмкүн болмок.
Амирдин таежеси Агинай Палатова министрликтин кызматкерлерин толугу менен күнөөлөй албасын, бирок жардамдын кечигиши трагедияга себеп болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, куткаруучулар түнкүсүн башка адамдардын өмүрүн тобокелге салбоо тууралуу эрежеге байланыштуу дароо чыгышкан эмес.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаман иштеди деп айта албайм. Балким, маселе жардам өз убагында берилбегенинде болгондур. Түнкүсүн иштөөдөн баш тартышкан. Аларга кечки саат алтыда эле маалымат түшкөн экен. Бирок эреже боюнча, түнкүсүн башка адамдардын өмүрүн тобокелге салып, куткаруу иштерине чыгууга болбойт экен. Бул, албетте, шалаакылык", - деди Палатова.

Анын айтымында, Амир жардам келет деген үмүт менен Электро чокусунун аймагынан анча алыстаган эмес. Куткаруучулар анын сөөгүн ошол эле аймактагы далдоо жерден табышкан. Жакындары өспүрүмдү кызыл курткасынан таанышкан.
"Амирди деңиз деңгээлинен 3500–3600 метр бийиктиктен таптык. Google Maps аркылуу аймакты сегиз эселик чоңойтуу менен карап, кызыл курткасынан байкадык. ӨКМ менен биргеликте таптык", - деди триатлончу Ильяр Бакиев.
Бакиевдин айтымында, Амирдин жайгашкан жери ал ӨКМга биринчи жолу чалганда катталган. Ал ошол маалыматты колдонуп, Google Maps жана Garmin тиркемелеринин жардамы менен аймакты карап чыккан.
ӨКМдин расмий маалыматына караганда, Амир 7-ноябрда кечки саат 19:02де 112 кызматына чалып, Адыгене чокусунан түшүп келе жатып адашып калганын билдирген. Куткаруучулар анын Электро чокусунун аймагында экенин аныкташкан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошол учурда "Эдельвейс" куткаруучулар тобу Рацека алачыгынын жанында башка адамдарды эвакуациялап жаткан. Тоолуу аймакта байланыш болбогондуктан, Амирдин жоголгону тууралуу маалымат куткаруучуларга саат 22:00дө гана жеткен. Алар түнкү саат 00:00 чамасында издөөгө чыгышкан. ӨКМдин маалыматына ылайык, издөө иштери түнү менен жана 8-ноябрь күнү бою уланган. Кийинчерээк кошумча куткаруучулар, дрондор жана тик учак тартылган.
Альпинист Дамира Шарипбекова ӨКМдин кызматкерлери маалымат түшкөндөн кийин аракет көргөнүн белгиледи. Анын айтымында, издөө жүргүзүлгөн аймак куткаруучулар көп барбаган татаал тоолуу жер болгондуктан, багытты аныктоо кыйынга турган:
"ӨКМдин кызматкерлери өз милдетин толук аткарышкан. Маалымат түшөрү менен эле жолго чыгышыптыр. Бирок, алар тоого көп чыкпагандыктан жана ал жер мурда көп барбаган тоолуу аймак болгондуктан, кайсы тарапка барыш керектигин аныктоо кыйын болгондур".
Ал арада, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмү боюнча министрлик "моралдык күнөөсүн сезерин" журналисттерге билдирди.
"Кимдин кандай аракет кылганы боюнча териштирүү бүтөт. Кечээ биздин маалымат кызматыбыз билдиргендей, эч кандай убактысын жашырган жокпуз, канчада келди, биздин балдар канчада чыкты, ошонун баарын так жана бурмалабай жеткирип жатабыз. Териштирүү да ушул хронология менен кетет да. Анын жыйынтыгын сиздерге билдиребиз", - деди Асанов.
Ошентсе да коомдук сайттарда ӨКМдин аракеттерине карата сын-пикирлер айтылып, айрым колдонуучулар издөө иштеринин башталышы кечиккенин, тик учак жана кошумча күчтөр дароо тартылышы керек болгонун белгилеп жатышат. Башкалары болсо куткаруучулардын өздөрүн күнөөлөөгө болбой турганын, тоодогу татаал шарт жана байланыштын жоктугу эске алынышы керектигин айтышууда.
Журналист Али Токтакунов да издөө иштеринин уюштурулушуна байланыштуу суроолорду көтөрдү:
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин актануу-түшүндүрмөсү дагы бир чоң проблеманын башын ачты. Бул жетекчилигинин карапайым куткаруучулардын өмүрүнө кайдыгер, шалаакы мамилеси. 14 жашар Амир жардам сурап чалган убак 7-ноябрь, 19.00дө беш куткаруучу башка бир жабырлануучуну түшүрөбүз деп Хижина Рацекада жүрүшкөн экен. Алар ылдыйлап, байланышууга мүмкүн болгон 22.00дө "Электродогу Амирди куткаргыла" деген буйрук барат. Сайга түшкүчө дагы эки саат өтөт. Ал жерден бешөөнүн үчөө 8-ноябрга оогон түн 00.00дө Амирди издегени Электрону карай жөнөшөт. Ала-Арчага барып эле жүрөсүңөр, сайдагы эки айрылыштын сол жагына өрлөсө Хижина Рацека (3400 метр) жакка, оңго болсо Электро чокусу (4080 м) жакка барат. Рацекадан Электрого өтүш үчүн сайга түшүп, итапкан жолду басыш керек. Кайсы акмак сууктун түнүндө жинкилдетип куткаруучуларды эки чокуга бир жумшайт!".
Бүгүнкү тажыяга тергөө абагынан убактылуу бошотулуп келген Амирдин атасы Максат Кунакунов катышты. Бирок ал журналисттерге комментарий берген жок. Амирдин апасы жана агасы да маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп беришкен жок.





























