Экс-депутат Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз берди

Official
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 11-ноябрда, мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, ал өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз жазды.

11-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан жети арыз келип түшкөн.

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров Исхак Масалиев жана Садыр Жапаров арыз менен кайрылган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

Бактыбек Калмаматов саясий карьерасын "Ата Мекен" партиясынан баштаган. Ал 2007-2010-жылдары аталган партиянын Ош облусу боюнча координатору болуп иштеген. 2010-жылы дал ушул партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп келген.

2020-жылдын ноябрында президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер катары катталуу үчүн арыз берген 18 кишинин бири болгон. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча ал 13-орунду ээлеп, добуштардын 0,5 пайызын алган.

Калмаматов 2020-жылдары бийликти ачык сындап чыккан саясатчылардын бири болгон. Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү демилгесине да каршы чыккан.

2021-жылы ал "Азаттык" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болуп, 5 пайыздык босогодон өтпөй калган.

2021-жылдын 22-декабрына караган түнү Бактыбек Калмаматов Сауд Арабиясына умрага бара жаткан жерден "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган.

УКМК ага социалдык тармактар аркылуу улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга байланыштуу айып койгон.

Калмаматов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалаган. 2022-жылдын 20-январында Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.