Амир Кунакуновдун өлүмү Жогорку Кеңеште талкууланды, президент министрге сөгүш жарыялады

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү.

Депутаттар окуянын чоо-жайын, издөө иштеринин жүрүшүндө тиешелүү кызматтардын аракетине баа берүү зарылдыгын белгилешти.

Жогорку Кеңеш төрагасы Марлен Маматалиев учурда окуя боюнча атайын комиссия иштеп жатканын, Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы да өз иликтөөлөрүн жүргүзүп жатканын билдирди.

"Ала-Арчада болгон кайгылуу окуя боюнча толук маалыматтарды алып жатабыз. Атайын комиссия иштеп жатат. Ал жыйынтыгын чыгарат. Башкы жана Аскер прокуратуралары өз иштерин жүргүзүп жатат. Анын алкагында сөзсүз маалымат алабыз. Жыйында же комитетте карайбыз. Комиссия иштеп жатыптыр, жыйынтыгын күтө туралы",- деди ал.

Депутат Улукбек Карыбек уулу окуя боюнча тиешелүү кызматтардын аракеттерине байланыштуу бир катар суроолор бар экенин айтып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин текшерүүнү талап кылды.

"Муну коомчулук дагы, Жогорку Кеңеш дагы билүүгө укуктуу. Мына саат жетиде кабар түшүп атат бала тараптан, ӨКМ ошондон баштап ар бир мүнөт сайын кабыл алынган чечимдерди ким канчада, кандай кабыл алгандыгын расмий билдириш керек. Бул жөн окуя эмес да. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык регламентин да бир карашыбыз керек. Эки күн тик учакты күтүп. Үч күн башка экипаждарды күтүп. Балдарга ушундай коопсуздук жаралганда мындай нерселер болбош керек. Элементардуу бир рация жок болуп жаткандыгы, алар менен байланыша албай жаткандыгы бул эмнеден кабар берип турат? Бул шалаакылыктан кабар берип турат. Ошол өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкерлери катуу чара көрүш керек. Эртең ушундай окуяда тикесинен тик тура турган болушу керек. Ушундай окуя дагы кайталанбашы үчүн бүгүн, ошол жердеги тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин карашыбыз керек. Укук коргоо органдары кылдат карап Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине алып келсин. Көрөлү, ким кандай чечимдерди кабыл алды. Саат канчада чечимдер кабыл алынды",- деди ал.

Депутат Улугбек Ормонов бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

"Коомдо өтө чоң резонанс жараткан Ала-Арчадагы окуя боюнча депутаттык комиссия түзүлүшү керек деп ойлойм. Биз кесиптешим көтөргөн маселелерди тактап алышыбыз үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнү туура болот",- деди Ормонов.

Жооп катары Марлен Маматалиев депутаттар менен бул маселе буга чейин да талкууланганын айтып, иликтөөлөр аяктагандан кийин парламент карай турганын билдирди. Окуя боюнча мыйзам бузуулар болгонун да айтты.

Ал ортодо президент Садыр Жапаров жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыялады.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечимдери менен Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев, Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов ээлеген кызматынан бошотулду. Аскер прокуратурасы тарабынан шалаакылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

14 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арчага кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күнү кечки саат 19:02де ал 112 кызматына чалып, Адыгене чокусунан түшүп келе жатып адашып кеткенин билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.

Өспүрүмдү издөө иштери эки күндөн ашык уланып, 9-ноябрда саат 16:00 чамасында куткаруучулар анын сөөгүн Электро чокусунун аймагынан табышкан. Алдын ала маалымат боюнча, бала үшүп каза болгон болушу мүмкүн.