Мурдагы судья Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз жазды

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 12-ноябрда, мурдагы судья Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, ал өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде арыз жазды.

12-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан он бир арыз келип түшкөн.

57 жаштагы Клара Сооронкулова 2010-жылы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү болгон. 2011–2015-жылдары Жогорку соттун Конституциялык палатасында судья болуп иштеген.

Коомчулукка биометрикалык маалыматтарды милдеттүү түрдө чогултуу демилгесине каршы чыккан позициясы, андан кийинки саясий ишмердиги жана 2022-жылы Кемпир-Абад иши боюнча кармалышы менен кеңири таанылган.

2015-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан, бирок депутат болгон эмес.

2019-жылы Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов негиздеген "Улуттар биримдиги" партиясынын аткаруу комитетинин катчысы болгон.

Ошол эле жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын курамына кирген. Кийин комиссиянын иши толук жүргүзүлбөгөнүн айтып, анын корутундусуна макул эместигин билдирген.

2020-жылы ал "Реформа" партиясын жетектеп, ошол жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого катышкан.

2021-жылдын 10-январында өткөн мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн. БШК бекиткен жыйынтык боюнча, Сооронкулова 14 005 добуш алып, 17 талапкердин ичинен жетинчи орунду ээлеген.

Президенттик шайлоо алдындагы үгүт маалында ал парламенттик башкаруу системасын колдой турганын билдирген. Конституцияны өзгөртүү жана президенттик башкарууну күчөтүү демилгесине каршы пикирин айткан.

2022-жылдын 23-октябрында Сооронкулова саясатчылар жана активисттер менен бирге коомдо "Кемпир Абад" деп таанылган иш боюнча кармалган. Ага "Массалык башаламандыктарды уюштуруу" жана "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" беренелери боюнча айып тагылган.

2024-жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча Сооронкулованы актаган.

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров Исхак Масалиев жана Садыр Жапаров, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер жана Мамбетжунус Абыловарыз менен кайрылган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.