Мурдагы судья Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз жазды

Сүрөттүн булагы, Official
Бүгүн, 12-ноябрда, Клара Сооронкулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө БШКга арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.
Маалыматка караганда, ал өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде арыз жазды.
12-ноябрга карата БШКга президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпысынан он бир арыз келип түшкөн.
57 жаштагы Клара Сооронкулова 2011-2015-жылдары Жогорку соттун Конституциялык палатасында судья болуп иштеген. Коомчулукка биометрикалык маалыматтарды милдеттүү түрдө чогултуу демилгесине каршы чыккан позициясы, андан кийинки саясий ишмердиги жана 2022-жылы Кемпир-Абад иши боюнча кармалышы менен кеңири таанылган.
Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына Аймен Касенов, Сыймык Жапыкеев, Азамат Эсенбеков, Акай Кыдыров Исхак Масалиев жана Садыр Жапаров, Бактыбек Адылов, Амур Айба Медер жана Мамбетжунус Абыловарыз менен кайрылган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
























