Барселонадагы нааразычылык акциялары полиция менен кагылышуу жана талап-тоноо менен аяктады

Сүрөттүн булагы, Reuters
14 жылдан бери биринчи жолу өткөн жалпы улуттук иш таштоого байланыштуу уюштурулган нааразылык акциялары полиция менен кагылышуулар жана дүкөндөрдү талап-тоноо менен коштолду. Барселонанын көчөлөрүнө 50 миңден ашуун адам чыкты. Негизги жүрүш аяктагандан кийин беткапчан адамдар таштанды челектерин өрттөп, дүкөндөрдүн айнектерин талкалай башташты.
Демонстрациялардын негизги багыты Барселонанын башкы проспектиси Пасео-де-Грасия аркылуу өттү. Күндүз бул жерге ар кайсы тараптан келген нааразылык акциясынын катышуучулары чогулушкан.
El País басылмасынын маалыматына караганда, жүрүш майрамдык маанайда өткөн. Барселона полициясынын эсеби боюнча, ага 55 миң адам катышкан. Кесиптик биримдиктердин маалыматы мындан кыйла айырмаланып, катышуучулардын саны 400 миңге жеткенин билдиришкен.
Испаниядагы иш таштоого өлкөдө узак убакыттан бери чечилбей келе жаткан турак жай кризиси себеп болду. Нааразылык акцияларын өлкөдөгү эң ири эки кесиптик биримдик UGT жана CCOO, ошондой эле башка профсоюздук уюмдар менен ижарачылардын ассоциациялары колдоду. Алар ижара акысынын тынымсыз кымбаттап жатканына жана адамдардын үйлөрүнөн чыгарылышына нааразы болушкан.
Борбордук банктын маалыматына ылайык, Испанияда учурда турак жай тартыштыгы болжол менен 750 миң үйдү түзөт. Алдын ала жоромолго караганда, 2028-жылга карата бул көрсөткүч бир миллиондон ашат.
Иш таштоо расмий түрдө аяктагандан кийин бир топ адам Пасео-де-Грасия көчөсүндөгү дүкөндөрдүн айнектерин талкалап, айрымдарын тоноп, өрттөп кеткен.
Башкаларга караганда Lego оюнчуктар дүкөнү көбүрөөк жабыркаган. Анын имаратынын сырты талкаланган. Нааразылыкка чыккандардын айрымдары Apple дүкөнүнө кирүүгө аракет кылганы байкалганын Би-Би-Синин кабарчылары билдиришти.
Көчөлөрдө ондогон таштанды челектери өрттөлүп, полиция менен кагылышуулар болгон.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Синин кабарчысы Барселонадагы нааразылык акциясына катышкан аял менен маектешкен. Анын айтымында, акция жалпысынан тынч өтүп, атүгүл шаңдуу маанайда болгон. Аял турак жайдын кымбаттыгына каршы үн кошуу үчүн келгенин айтып, акцияга көптөгөн балдар жана улгайган адамдар да катышканын белгилеген.
Кечинде ал Рамбла бульварынын аймагында жүрүп, көчөлөр өрттөнүп жатканын көргөн. "Өрт бардык жерди каптап жатты. Абал абдан чыңалып турган",- деген ал.
Каталониянын Женералитатынын президенти (автономиялуу аймактын жогорку башкаруу органынын жетекчиси) Сальвадор Илья башаламандыкты айыптады.
"Зомбулук жана вандализм күнү бою тынчтык митингине катышкан адамдардын көз карашын билдирбейт. Каталонияда кылмыш жасагандар өз аракеттери үчүн жооп беришет",- деп жазды Сальвадор Илья X социалдык тармагына.
Барселонанын мэри Жауме Кольбонинин маалыматына караганда, Каталониянын полициясы башаламандыкка байланыштуу 50 адамды кармаган. Ал шаар бийлиги келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча соттук териштирүүгө катышарын билдирген.
Жалпы улуттук иш таштоо буга чейин бир нече аптадан бери уланып келген нааразылык акцияларынын уландысы болду. Буга Мадридде 87 жаштагы аялдын үйүнөн чыгарылып, көп өтпөй каза болушу себеп болгон.
Октябрда Испания парламенти өкмөт сунуштаган жарлыкты колдогон эмес. Ал документ турак жай акысын төлөй албай калган адамдарды үйүнөн чыгарууну чектөөгө жана ижара баасынын негизсиз өсүшүн ооздуктоого багытталган эле. Бул чечим жана өлкөдө уланып жаткан нааразылык акциялары премьер-министр Педро Санчести 29-ноябрга мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого түрткөн.
Педро Санчес башында турган социалисттер нааразылык акцияларын колдоп, турак жай кризисине жоопкерчиликти оңчул оппозицияга жүктөштү.





























