Амир Кунакуновдун жакындары куткаруу иштерине байланыштуу окуяны адилеттүү иликтөөнү талап кылууда

Social
Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмү коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Анын жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин издөө-куткаруу иштерин уюштуруудагы аракеттерине байланыштуу бир катар суроолорду коюп, жооптуу кызматкерлердин ишин тыкыр иликтөөнү талап кылууда.

Социалдык тармактарда Амирдин агасы Азим Кунакуновдун жана өспүрүмдүн сөөгүн тапкан ыктыярчынын видеосу жарыяланды.

Анда Азим Кунакунов окуянын жүрүшүн баяндап, куткаруу иштеринин кеч башталганына, издөө топторунун даярдыгына жана ыктыярчыларга керектүү маалыматтар өз убагында берилбегенине байланыштуу суроолорду көтөргөн.

Азим Кунакуновдун айтымында, куткаруучулар издөө иштерине бир нече сааттан кийин гана жөнөтүлгөн. Алгач эки куткаруучу барган, бирок алардын бири кошумча күч сурап, кайра түшүп кеткен.

"Бизди эң көп ойлондурган суроо Амирдин чалуусу жана координаттары алынгандан кийин эмне үчүн бардык зарыл күчтөр менен каражаттар дароо тартылган эмес? Ошол күнү кечинде чечимди ким кабыл алган? Эмне үчүн жардам сураган учурдан тартып алгачкы сааттарда толук кандуу издөө-куткаруу тобу уюштурулган эмес? Амирди издөөгө аракет кылган ыктыярчылар, альпинисттер жана жарыштын уюштуруучулары эмне үчүн керектүү маалыматты өз убагында алышкан эмес? Эгер координаттар эртерээк берилсе, бардык күчтөр башынан эле бириктирилсе, балким, иним аман калмак",- деген ал.

Амирдин өлүмүнө байланыштуу маселе 11-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Депутаттар ӨКМдин издөө-куткаруу иштерин уюштуруудагы аракеттерин сынга алып, жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо зарылдыгын белгилешти.

Жогорку Кеңеш төрагасы Марлен Маматалиев учурда окуя боюнча атайын комиссия иштеп жатканын, Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы да өз иликтөөлөрүн жүргүзүп жатканын билдирди.

"Ала-Арчада болгон кайгылуу окуя боюнча толук маалыматтарды алып жатабыз. Атайын комиссия иштеп жатат. Ал жыйынтыгын чыгарат. Башкы жана Аскер прокуратуралары өз иштерин жүргүзүп жатат. Анын алкагында сөзсүз маалымат алабыз. Жыйында же комитетте карайбыз. Комиссия иштеп жатыптыр, жыйынтыгын күтө туралы",- деген эле ал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Депутат Улукбек Карыбек уулу окуя боюнча тиешелүү кызматтардын аракеттерине байланыштуу бир катар суроолор бар экенин айтып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин текшерүүнү талап кылды.

"Муну коомчулук дагы, Жогорку Кеңеш дагы билүүгө укуктуу. Мына саат жетиде кабар түшүп атат бала тараптан, ӨКМ ошондон баштап ар бир мүнөт сайын кабыл алынган чечимдерди ким канчада, кандай кабыл алгандыгын расмий билдириш керек. Бул жөн окуя эмес да. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык регламентин да бир карашыбыз керек. Эки күн тик учакты күтүп. Үч күн башка экипаждарды күтүп. Балдарга ушундай коопсуздук жаралганда мындай нерселер болбош керек. Элементардуу бир рация жок болуп жаткандыгы, алар менен байланыша албай жаткандыгы бул эмнеден кабар берип турат? Бул шалаакылыктан кабар берип турат. Ошол өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкерлери катуу чара көрүш керек. Эртең ушундай окуяда тикесинен тик тура турган болушу керек. Ушундай окуя дагы кайталанбашы үчүн бүгүн, ошол жердеги тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин карашыбыз керек. Укук коргоо органдары кылдат карап Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине алып келсин. Көрөлү, ким кандай чечимдерди кабыл алды. Саат канчада чечимдер кабыл алынды",- деди ал.

Депутат Улугбек Ормонов бул окуя боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

"Коомдо өтө чоң резонанс жараткан Ала-Арчадагы окуя боюнча депутаттык комиссия түзүлүшү керек деп ойлойм. Биз кесиптешим көтөргөн маселелерди тактап алышыбыз үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнү туура болот",- деди Ормонов.

ӨКМ болсо бул окуя боюнча моралдык жоопкерчиликти сезип жатканын билдирген.

Коомчулукта министрликтин аракеттери катуу сынга кабылып, издөө иштеринин кечеңдешине жана кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу суроолор көбөйгөндөн кийин президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевге катуу сөгүш жарыялады.

Ошол эле күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечими менен министрдин орун басары Алмазбек Асанов, ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев жана Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борборунун башчысы Тынарбек Мурашов ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Мындан тышкары, Аскер прокуратурасы шалаакылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кийин Жогорку Кеңеште ыкчам кызматтардын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөнү белгилүү болду. Комиссия Амир Кунакуновдун өлүмүнө байланыштуу жагдайларды гана эмес, тез медициналык жардам көрсөтүү кызматтарынын жана калкты тейлөө борборлорунун ишин да илктей турган болду.

14 жаштагы Амир Кунакунов 7-ноябрда Ала-Арчага кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күнү кечки саат 19:02де ал 112 кызматына чалып, Адыгене чокусунан түшүп келе жатып адашып кеткенин билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.

Өспүрүмдү издөө иштери эки күндөн ашык уланып, 9-ноябрда саат 16:00 чамасында куткаруучулар анын сөөгүн Электро чокусунун аймагынан табышкан. Алдын ала маалымат боюнча, бала үшүп каза болгон болушу мүмкүн.