Садыр Жапаров элди шайлоону утурлай чагымчыл билдирүүлөргө алдырбоого чакырды

Official
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Президент Садыр Жапаров шайлоону утурлай Кыргызстандын түштүгүндө жаңжал чыгарууга аракет кылышы мүмкүн болгон саясатчылар бар экенин билдирди. Ал мындай азгырыктарга алдырбоого чакырып, чагымчылдыкка байланыштуу маалыматтар болсо укук коргоо органдарына кабарлоону өтүндү. Жапаров бул тууралуу Facebook баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда айтты.

"Азырынча сөз кылып гана жатышат. Бирок сөз жүзүндөгү бул чагымчыл ойлору ишке ашып кетиши да мүмкүн. Себеби, өзбек-кыргыз ортосунда чыр чыгарышы үчүн сезимге ойногон, куру намысты козгогон ар кандай жалган кептерди таратып, болбогон жерден чыр чыгарып жиберишет. Биз муну 1990-жылы, 2010-жылы эки жолу башыбыздан өткөрдүк. Ушул эки жолку жаңжалда канчалаган карапайым өзбек-кыргыз жарандарыбыз кырылып кетишти. Ошол жаңжалдарды уюштурган саясатчылардын бирөөсүнүн жакынынын чыпалагы дагы жабыркаган жок. Алар эки жаат кылып, акырын уруштуруп коюп, табасы канып, четте карап тура беришет. Аларга бийлик гана керек. Алданып, жапа чеккендер жалаң гана карапайым калк болуп кала берген. Анын кесепетинен өмүр бою түрмөгө кирип кеткендер да карапайым элдин балдары болгон. Ошондуктан, урматтуу калайык-калк, менин өтүнүчүм мейли өзбексиңби, мейли кыргызсыңбы, кандай гана чагымчыл сөздөр болбосун, ээрчип, жетеленип кетпеңиздер. Алардын арам ойлуу чакырыктарына алданып калбаңыздар",- деди ал.

Президент жарандарды чагымчыл сөздөргө ишенбөөгө чакырды. Айрыкча 1990 жана 2010-жылдардагы окуяларды башынан өткөргөн улуу муун өкүлдөрүнө кайрылып, жаштарга жаңжалдын кесепеттерин түшүндүрүп турууну өтүндү.

Ошондой эле ал мамлекеттин мындай жаңжалды токтотууга күчү жете турганын белгилеп, бирок кагылышуудан карапайым адамдар гана жабыркай турганын айтты.

"Биз карапайым элге кесепети тийбеши үчүн, бейкүнөө адамдар жабыркабашы үчүн, чагымчылдар кайсы улуттан болбосун, дароо бөгөт коюшубуз керек! Урматтуу калайык-калк, "Ынтымак бар жерде - ырыс бар" дейт. Ынтымактуу бололу, ынтымактуу болсок гана өнүгүп, өсөбүз. Ынтымактуу болсок гана ар кандай чагымчылдарга каршы тура алабыз, алардын арам ойлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербейбиз. Ынтымактын, тынчтыктын баасын-баркын билели, сактайлы. Ооба, биз түшүнүп эле турабыз. Кытай темасын көтөрүшкөндө эл ээрчибей койгондон кийин, эки бир тууган элди өзбек-кыргыз кылып бөлүп, чабыштыруу планын ойлоп жатышат. "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуп бүтпөй калса экен" дегенде ак эткенден - так эткен кара ниет саясатчыларыбыз бар. Эгерим аларды ээрчип албагыла! Алар мурдунун учунан алысты көрө албаган, ою кыска, ниети пас пенделер. Кудай буюрса, аталган темир жол бүтсө, жүздөгөн жылдар бою Кыргызстандын бактысы да, келечеги да кең болот",- деп жазган Жапаров.

Ал чагымчыл аракеттерди уюштурууга аракет кылып жаткандар аныкталбай калат деп ойлобошу керектигин айтып, өлкө боюнча миңдеген видеокамералар иштеп жатканын жана күч органдарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейгенин кошумчалады.

Президент Кыргызстанга тынчтык жана туруктуулук керек экенин белгилеп, коомду бөлүп-жарууга аракет кылгандарга карата катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.