"Төрөкулдун атылганы фильмде жок". "Айтматов" тасмасы Орусияда цензурага кабылдыбы?

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Орусиянын кинопрокатына чыккан "Айтматов" тасмасында Төрөкул Айтматовдун сталиндик репрессияга кабылып, атылган жери кесилип салынганы айтылууда. Ал эми Казакстанда тасманын көрсөтүүсү эки ирет жылдырылганы кабарланды. Коомдук желеде фильм цензурага кабылды деген пикирлер жазылууда.
"Акырына чейин күттүк, көргөн жокпуз"
Орусиянын Сургут шаарында жашап, иштеген кыргызстандык Нурсулуу Акматкулова 4-ноябрда аталган тасманын ачылыш көрсөтүүсүнө барып, айрым эпизоддорду көрө албаганын айтып берди.

Сүрөттүн булагы, screenshot
"Биз Сургут шаарындабыз. 4-ноябрда бул фильмдин алгачкы көрсөтүүсүнө атайын бардык. Биз Төрөкул Айтматовдун атылганын соцтармактан көрүп эле жатканбыз. Айрыкча Нагиманын жер кучактап ыйлап жаткан кадрлары укмуш эмес беле? Биз ошону тасманын акырына чейин отуруп, күттүк. Көрсөткөн жок. Мен соцтармактарга да жазып жаттым: "эмне үчүн ал эпизод коюлган жок?" деп. Биз дал ошол эпизодду көргүбүз келген эле", - деди Нурсулуу Акматкулова.
Тасманы Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан көрдүм деген кыргызстандык Эдил Уланбектегин Төрөкул Айтматовдун аңга кулаган эпизодунун кесилип калышын фильм цензурага кабылды деп түшүнгөнүн айтты.
"Мен Санкт-Петербург шаарынан чакан отуз-кырк кишилик кинотеатрдан көрдүк. Арасынан төрт-беш кыргыз болбосо, калганы жалаң орус улутундагы жарандар болчу. Баарыбыз кинодон таасирленип, көзүбүзгө жаш алып көрдүк. Тасманын жеке өзү боюнча эч кандай суроо жок, бардыгы сонун. Мага купулума толду, аябай жакты. Элдин баары Кыргызстанда жарыялап жаткан Төрөкул Айтматовдун репрессияланып, аңга кулаган кадрларды аягына чейин күттүм, бирок эмнегедир көрө алган жокмун. Анан цензурага кабылып, алынып салынган го деген ой кетти", - деди Уланбектегин.
"Кыргыз кинодепартаменти Орусиянын ички мыйзамдарына кийлигише албайт"
Тасманын авторлору бул боюнча азырынча комментарий берүүдөн баш тартышты. Ал эми Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти кыргыз тарап Орусиянын ички мыйзамдарына кийлигише албасын билдирди.

Сүрөттүн булагы, facebook
"Алардын мыйзамдары өзүнчө, биздин дагы мыйзамдар өзүнчө. Акыркы чечимди чыгармачыл топ, жаратмандар чечишет. Анткени Орусияда өзүнүн мыйзамдары иштейт да, алар ошол жактын рыногуна кирип жатканда, ал жактын талаптарына жооп бериши керек. Суроолор жаратмандарга берилиш керек. Алардын укугу. Биз Орусиянын кинопрокатына кийлигише албайбыз",-деди Талантбек Төлөбеков.
"Бул окуяга мамлекет кандай баа берет?"
"Сынчы" платформасынын редактору, киносынчы Айзат Кудайберди кызы суроо фильмдин авторлоруна эмес, мамлекетке берилиши керек деген таризде пикирин билдирди.

"Каныбек Калматов репрессия курмандыктары боюнча өзүнүн оюн, позициясын так көрсөттү. Орусияда прокатка чыгарууда да ушул позицияда акырына чейин тура алды деп ишенебиз. Жалпысынан алып караганда, бул жагдайга Каныбек Калматовдун эмес, репрессия курмандыктары боюнча бул окуяга мамлекет өзү кандай баа берет, кандай баалайт, мүнөздөйт, ушул тема сөз боло турган учурда турабыз", - деди Кудайберди кызы.
Казакстанда тасманын көрсөтүүсү эки ирет жылдырылды
Казакстанда "Айтматов" тасмасынын кинотеатрларга чыгуу датасы 12-ноябрга белгиленген. Бирок белгисиз себептер менен эки ирет жылдырылды. Алгач 12-ноябрга коюлуп, андан кийин белгисиз мөөнөткө жылдырылганы айтылган. Көп өтпөй 3-декабрдан баштап казак көрүүчүлөрүнө тартууланары кабарланды.

Сүрөттүн булагы, social media
"Кинопоиск" "Айтматовду" ойдон чыгарылган тасма деп жазды
Ал арада Орусиянын белгилүү "Кинопоиск" сервиси "Айтматов" тасмасын ойдон чыгарылган сюжет деп сынга алды. Рецензияны киносынчы Василий Степанов жазып, тасмага 10 баллдан 4 балл койгон. Анын пикиринде, тасманын жаратуучулары тарыхый окуялардан четтеп, Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянына ойдон чыгарылган сюжеттик линияларды кошуп жиберишкен.

Сүрөттүн булагы, screenshot
"Айтматов" — өзүн байопик (өмүр баяндык тасма) катары көрсөткөн, бирок иш жүзүндө же агиография же таза фантазиялык тасма", — деп жазат автор.
Степанов ошондой эле жазуучунун атасы - 1937-жылы камакка алынып, бир жылдан кийин атылып кеткен Төрөкул Айтматовдун тагдырынын чагылдырылышына көңүл бурган. Сынчынын ою боюнча, бул сюжеттик линияга кошулган көркөм деталдар репрессия тарыхына гротесктик саясий триллердин белгилерин берип койгон. Башкача айтканда, киносынчы репрессия тууралуу эпизод апыртылган деген пикирин билдирген.
Ошондой эле, автор тасманы «парадокс-тасма» деп атаган. Ал картина тарыхты унутпоого чакырып жатып, ошол эле учурда аны бурмалап жатат деп жазган.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Соцтармактагы колдонуучулар "Кинопоисктин" бул рецензиясын катуу талкууга алып, "биздин тарых башкалар үчүн ойдон чыгарылган болуп жатабы" деген пикирлерин жазышууда.

Сүрөттүн булагы, screenshot
"Төрөкулдун тагдыры – Кыргызстандын тагдыры"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Киносынчы Айзат Кудайберди кызы тасмадагы Төрөкул Айтматовдун линиясын фильмдин негизги рычагы катары белгиледи.
"Айтматов тасмасын кармап турган, эң негизги рычаг, эң негизги кыймылдаткыч күч бул Төрөкул Айтматовдун линиясы болуптур. Албетте, орус киносынчысы үчүн бул бир гана Советтер союзунун тарыхынын бир бөлүгү болушу мүмкүн. Бирок биз үчүн Төрөкулдун тагдыры – Кыргызстандын тагдыры, Кыргызстандын тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Бул окуя биз үчүн чын эле саясий триллер, саясий трагедия", - деди киносынчы.
Блогер Илим Карыпбеков өзүнүн Инстаграм баракчасында аталган тасманын айланасындагы окуялар эки өлкөнүн саясий, экономикалык мамилесине байланыштырды.
"Казак менен кыргыздын акыркы 3-4 кылымдык тарыхы бир. Булардын да, биздин да бийлик Кремлдин үстөмдүгүнө курчалып калган. Казак бийлигине дагы Кремлдин таасири чоң. Ошондуктан көрсөтүүнү токтотуп коюшту булар. А бирок элибиз азырынча эркин. Жаш муун азырынча булардын үгүтүнө уулана элек. Жаштарды Кремл үгүтүнүн уусунан коргоп калганга аракет кылуу керек", - деп жазды Карыпбеков.
"Айтматов" биографиялык-көркөм тасмасы Кыргызстанда 15-октябрда жарыкка чыккан. Аны 25 жаштагы жаш режиссер Каныбек Калматов тарткан. Тасмада Кыргызстан, Орусия жана Казакстандын алдыңкы актёрлору образ жаратышкан. Фильм президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен Тимурлан Ташиевдин продюсерлиги астында тартылган.






























