"Түндүк" аркылуу кол тамга чогултуу же кыргызча праймериз
Элеонора Куленбекова,
Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараяны аяктап баратат. Бул жолку шайлоого президент Садыр Жапаров баштаган 11 киши катышууда. Алардын арасында саясатта тажрыйбасы барлар да, буга чейин кеңири коомчулукка белгисиз талапкерлер да бар.
12-ноябрга карата төмөнкү жарандар президенттик шайлоого катышуу ниети менен БШК арыз менен кайрылышты. Алар: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев, Акай Кыдыров, Исхак Масалиев, Садыр Жапаров, Бактыбек Калмаматов, Бакытбек Адылов, Амур Айба Медер, Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова.
Бул шайлоонун өзгөчөлүгү - санарип технологиялар талапкерлерди каттоо жараянынын алгачкы баскычында эле колдонулуп жатат. Талапкерлер шайлоого катышуу үчүн керектүү кол тамгаларды "Түндүк" тиркемеси аркылуу да чогултуп жатышат.
Аракеттеги президент Садыр Жапаров бул талапты БШКга арыз берген биринчи күнү эле аткарып, 60 миң адамдын колдоосун чогултту.
Бул жаңы ыкма башка талапкерлер үчүн канчалык ыңгайлуу болуп жатат?
"Биякта кыйынчылыктар аябай көп экен. Биринчи эле - "Түндүктү" билбейбиз дейт. Экинчиси, паролун унутуп калдым дейт. Үчүнчүсү, эжем айыл өкмөтүндө иштейт, губернатордо иштейт. "Мындай эле колдоо кылалычы" дейт кишилер. Бизнесмендер кредиттерим бар дейт. Бүт баары Туманабаевдин алдында турат экен. "Дайыр Орунбеков көргөзбөдү беле" дейт. "Туулган күнүнөн бери, жарандардын бүт жеке маалыматтарын. Булар барын карап турат экен, биз коркобуз" дейт. Кийин шайлоого келгенде эркекче шайлап беребиз дегендер көп". -деди Би-Би-Сиге саясатчы Сыймык Жапыкеев.

Сүрөттүн булагы, BBС
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Боршайкомдун шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айдана Жупуева электрондук кол чогултуу, эң ириде, талапкерлердин өздөрү үчүн кыйла ишенимдүү жана ыңгайлуу платформа экенин белгиледи:
"Бул маалыматтар туура эмес. Ал жерде менин фамилиям көрүнүп калат экен. Ошонун аркасы менен куугунтук болушу мүмкүн. Башка себептерден улам өзүмө зыяны тийиши мүмкүн деген нерседен коркпой колдоп койсо болот".
Жарандардын колдоо көрсөтүү купуялыгы тууралуу суроону бул жерде коюуга да мүмкүн эмес. Себеби, кол тамгалар эсептелеши керек. Жупунова ошондой эле бир эле жаран бир нече талапкерге колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти.
Ошол эле учурда БШКнын статистика көрсөтүп жаткандай, "Түндүк" тиркемеси аркылуу президент болом дегенденди колдоп жаткандардын көбү жаштар болууда. Ал эми, смартфонду жакшы колдонбогон улуу муундун өкүлдөрү үчүн "Түндүккө" кирип талапкерлерди колдоо кыйынчылык жаратып жаткандай.
Мисалы, экс-депутат Исхак Масалиев Боршайкомдун сайтындагы статистиканы мисал келтирип, өзүнүн жеке байкоосу менен Би-Би-Сиге бөлүштү.
"Бир нерсени байкадым. 45 жаштан уулу кишилер жалпы добуш бергендердин 10% жетпеген көлөмүн түзүп атат. Демек, менин теңтуштарым жана 45 жаштан улуулар "Түндүктө" катталган күндо деле пайдаланганды билбейт окшойт", - дейт ал.
Масалиев Кыргызстанда 800 миңден ашык пенсионер бар экенин да кошумчалап , алардын көбү "Түндүккө" кире албай жатканы тууралуу маселе көтөрдү.
Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын жетекчилеринин бири Исхак Масалиев 2017-жылы да президенттик шайлоого катышууга аракет кылган, анын талапкерлигин Кыргызстан коммунисттер партиясы көрсөткөн. Бирок БШК анын талапкер катары каттоодон баш тарткан. Борбордук шайлоо комиссиясы тапшырылган 36 миң 673 колдун 30 миң 470ин "ишенимсиз" деп тапкан. Натыйжада, талапкерди колдогон жарактуу колдордун саны талап кылынган чектен аз болуп калган.
Ошондуктан Масалиев, жалпысынан "Түндүк" аркылуу кол топтоо жеңил экенин моюндайт, бирок анын уулу муун өкүлү үчүн жеткиликтүү болбой жатканына гана көңүл бурат.
Анткен менен талап кылынган 30 миң адамдын колун топтоп бүткөндөр да бар. Экинчи мөөнөткө катышуу ниетин билдирген президент Садыр Жапаровду колдогондор бир күндө 60 миңден ашкан. Андан кийинки орунда Сыймык Жапыкеев (26 миң 814), Аймен Касенов(23 миң 138) Исхак Масалиев (19 мин 844) жана калгандары келе жатат.

Сүрөттүн булагы, Official
"Шайлоодо ким биринчи келет билинип деле калды. Экинчи орунду, жеке пикиримде, Жапыкеев алат. Анын өзүнүн электораты бар. Эмне үчүн ага добушту беришет, аны айта албайм. Калгандары көп деле добуш алышпайт го. Ар киминин өзүнүн амбициялары болуп атат, регионалдык принцип да болушу мүмкүн. Соодалашчулары да болот. Биз демократиялык мамлекетте жашап жатабыз. Андыктан талапкерлерди эмнеге барып атасың деген чектөө болбош керек", -дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.
Ошентип, "Түндүк" президенттик шайлоонун алдында талапкерлердин колдоочуларын салыштырууга шарт түзүп, өзүнчө бир праймериз сыяктуу көрүнүшкө ээ болууда. Талапкерлердин рейтинги добуш берүү баштала электе эле кол топтоо жараянында байкала баштады.





























