Орусия фронтко жакын айылдарды бутага алууда

Видеонун түшүндүрмөсү, Орусия фронтко жакын айылдарды бутага алууда
Орусия фронтко жакын айылдарды бутага алууда
Published

Орусиянын Украинадагы гумжардам таратуу борборуна жасаган соккусунан кеминде кырк киши каза болуп, ондогон адам дайынсыз кетти.

Камышевахада ири аскердик жана өнөр жай объектилери жок, бирок бул айыл Запорожьеге жакын жерде коргонуу жана транспорт системасынын элементи катары чоң аскердик мааниге ээ. Айыл облустук борбордон 30 чакырым аралыкта маанилүү трассада орун алган. Бул жол аркылуу Украин армиясынын алдыңкы позициялары менен байланышы бар системалар өтөт.

Орус армиясы фронтко жакын калктуу конуштарда мына ушундай инфраструктураны талкалоого умтулуп жатат.