"Супарада" өрт чыкты
"Супарада" өрт чыкты
Published
Аламүдүн районундагы "Супара Чуңкурчак" комплексинде 4-ноябрь түнү өрт чыкты. Окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү унаа жана тез жардам кызматы тартылган.
Саламаттык сактоо министрлиги үч киши иске ууланып калганын, азыр абалы жакшы экенин айтты. ӨКМ өрттүн токойго жайылышына жол бербей сактап калышканын кабарлады. Тилсиз жоо 01:15те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.



