"Энергетик суусундук эки досумдун өмүрүн алды"

Видеонун түшүндүрмөсү, "Энергетик суусундук эки досумдун өмүрүн алды"
"Энергетик суусундук эки досумдун өмүрүн алды"
Published

Кыргызстанда күч-кубат берүүчү ичимдиктер дүкөн текчелеринен такыр алынышы мүмкүн. Президент Жапаров энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин бир айлык мөөнөттө карап чыгууну, алты ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салууну тапшырды. Бул демилгени кубаттагандар да, сындагандар да бар.