Жапаров инисинин аты аталган "Новел" пансионаты боюнча дооматка жооп берди

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушуусунда Корумду айылынын тургуну Кубат Алымбеков көл жээгиндеги "Новел" пансионатына байланыштуу даттанды.

Алымбековдун айтымында, 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага карата кылмыш ишин козгоп, пансионатты тартып алган. Ал бул ишке президенттин жакын адамы тоскоолдук кылып жатканын айтып, бирок алгач анын атын ачык айтуудан баш тартты.

"2023-жылы "14 миллион доллар алып алган деп үстүмөн арыз жазып, УКМКга камашкан. Кыйнап, 40 миллион оокатыбызды тартып алышкан. Ошондон бери эле арыз жазсам, арызымдын баары канаттандырылбайт. Сиздин айланаңызда жүргөн бир киши буга бут тосуп жатат. Ал кишинин атын атай албайм, жеке кабыл алып берсеңиз сизге айтам", - деди Алымбеков.

Президент андан ал адамдын аты-жөнүн эл алдында айтууну талап кылды.

"Айтыңыз, элдин алдында айтыңыз. Мен чара көрөм аларга", - деди Садыр Жапаров.

Ошондо Алымбеков президенттин иниси Аскарды атады.

Садыр Жапаров бул иш боюнча маалыматы бар экенин айтып, Алымбековду орусиялык инвесторлордон пансионат үчүн бөлүнгөн жерди кылмыштуу топтор менен бирге тартып алган деп айыптады.

"Пансионат салдырып туруп, криминал менен кубалап ийгенсиңер да", - деп жооп берди президент.

Жапаровдун айтымында, орусиялык инвесторлор ага иниси Аскар аркылуу кайрылышкан. Президенттин сөзүнө караганда, инвесторлор пансионат куруп бүткөндөн кийин кылмыштуу топтордун коркутуусунан улам аймактан кетүүгө аргасыз болушкан.

"Ал орус Аскарбек иним аркылуу келген мага....35 миллион долларга , криминалдар бар кезде, салдырышат. Салгандан кийин аны кубалап, "бул жакка келсең атып өлтүрүп салабыз" дешет. Камчы Көлбаевдин балдары менен бирге кылган. Ал 2023-жылы арызданып келет, инимиме чыгыптыр, "бизден тартып алып криминал менен кубалап ийген эле. Азыр силер криминалга караша күрөшүп атасыңар агаң криминалды жок кылып атат" деп. Аны Москвадан чакыртып келип кабинетте калыл алып тапшырма бергемин. Караштырып бергиле чын болсо кайтарып берели деп. Ал орустарга кайтарылып берилген, Аскарбекке эмес. Мен бардыгын ачык айтам, жашыра турган эч нерсем жок", - деди Садыр Жапаров.

Президент мурдагы бийлик тушунда ишкерлердин бизнесин тартып алуу учурлары көп болгонун айтып, бул окуяны ошондой жүздөгөн иштердин бири катары мүнөздөдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров УКМК өкүлүнө "Новел" пансионаты боюнча толук маалыматты жарыялоону тапшырды. Ал пансионаттын ээси ким экенин, объект кайсы жылы жана канча каражатка курулганын, аны ким тартып алганын жана кийин кимге кайтарылганын так көрсөтүүнү талап кылды.