Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
АКШнын бардык аэпортторунда учак каттамдары бир нече саатка токтотулду
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-би-си Орус кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
АКШда диспетчердик байланыш үзгүлтүккө учурап, өлкөдөгү бардык аэропорттордо учактар төрт сааттай уча албай, конууга да тыюу салынды. Миңдеген каттамдар токтотулуп же кечиктирилди.
FlightRadar24 маалыматына караганда, учактардын учуп-конушуна тыюу салынган төрт сааттын ичинде 10 миңге жакын каттам токтотулган. Миңдеген каттамдар болсо кечигип учкан.
АКШнын транспорт министри Шон Даффи өлкөдөгү бардык аэропорттордо каттамдар аба кыймылын башкарган аймактык борборлордо байланыш үзгүлтүккө учурагандыктан токтотулганын билдирди.
Би-Би-Синин АКШдагы өнөктөшү CBS телеканалынын маалыматына караганда, учак каттамдарынын токтотулушуна диспетчердик борборлорду бириктирген байланыш тармагындагы жаңыртуу иштери себеп болгон.
Бул тармакты тейлеген L3Harris компаниясы системаны жаңыртып жаткан учурда байланыш үзгүлтүккө учурап, система толугу менен иштен чыккан.
L3Harris компаниясы өзүнүн сайтында дүйнө жүзүндөгү аба кыймылын башкаруу үчүн байланыш системаларын, ошондой эле курал-жарак жана башкаруу системаларын иштеп чыгып, камсыз кылган "элиталык провайдер" экенин билдирет. Би-Би-Си компаниядан комментарий сурап, бирок жооп ала алган эмес.
CNN телеканалы ATC.com сайтынын маалыматына таянып, АКШнын айрым аймактарында аба кыймылын башкаруу борборлору учактар менен байланыша албай калганын кабарлады.
"Бул 11-сентябрдагыдай окуя эмес"
АКШнын ички коопсуздук министри Маркуэйн Маллин журналисттерге бул окуя өлкөгө жасалган кандайдыр бир чабуулга байланыштуу эмес экенин билдирди.
"Бул байланыш тармагындагы мүчүлүштүктөр. Бардык учактардын кайда экени белгилүү", - деди ал.
Министр бардык учактар коопсуз экенин айтып, бул окуяны 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарга салыштырууга болбой турганын белгиледи.
Маллин АКШда бардык аба каттамдары акыркы жолу 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин токтотулганын эске салды.
Ал бул жолку окуя Microsoft компаниясынын серверлериндеги ири мүчүлүштүктөргө тиешеси жок экенин да белгиледи. Ал мүчүлүштүктөрдөн улам Outlook электрондук почта кызматы, Teams видеобайланыш платформасы жана Copilot жасалма интеллект чатботу саамга иштебей калды.
Би-Би-Синин кабарчыларынын маалыматына караганда, Маллин учактардын каттамдарын башкаруу системасындагы байланыш үзгүлтүгүнө эмне себеп болгонун АКШ бийлиги азырынча аныктай электигин мойнуна алды.
Анын айтымында, бул окуя кандайдыр бир чабуулдан улам болгонун тастыктаган далилдер азырынча жок. Бирок министр чабуул болушу мүмкүн деген божомолду да толук четке кага албасын билдирди.
Би-Би-Синин транспорт тармагындагы кабарчысынын айтымында, АКШда аба кыймылын башкаруу системалары эскирип, жаңылоого муктаж.
Өткөн жылы АКШ Конгресси бул системаларды жаңылоого 12,5 миллиард доллар бөлгөн. Бирок аларды толугу менен алмаштыруу үчүн мындан да көп каражат талап кылынат.
Мындан бир нече жума мурун АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) 2028-жылдын аягына чейин иши дагы эле дискеттерге көз каранды болгон системаларды алмаштырарын билдирген. Дискеттер - маалымат сактоочу каражат. Алар негизинен 1980–1990-жылдары колдонулган.