Президенттик шайлоо: эски атаандаштар жана жаңы жүздөр

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 11 адамды шарттуу түрдө үч топко бөлүүгө болот. Биринчи топ - 2021-жылы Садыр Жапаров менен президенттикке ат салышкандар. Экинчи топ - бийликке сын көз карашын билдирип келген саясатчылар. Үчүнчү топ - саясий аренада жаңы жүздөр.

Биринчи топко азыркы президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдагы атаандаштары кирет. Аймен Касенов - ишкер. Ал бул жолу шайлоого биринчилерден болуп арызын берди. Бактыбек Калмаматов Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Кезинде "Ата Мекендин" көзүр саясатчыларынын бири болгон. Ал эми Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист. Кемпир Абад иши боюнча кармалып, кийин акталып чыккан.

"Президенттик шайлоого мен экинчи жолу катышып жатам. Албетте, ар кандай суроолор туулушу мүмкүн. Соцтарамктарда деле айтып жатышат: " булар жөн эле койсо болмок", "баары бир жеңип кете турган кандидат бар" дешип. Бирок кандай болбосун мен өзүмдүн конституциялык укугумдан пайдаландым".

Экинчи топко оппозициялык чөйрө менен байланышы бар жана бийликке сын көз карашын билдирип келген саясатчыларды кошууга болот.

"Женилбейм го дейм. Аман эле болуп турсак женилбейм. Эркекче айтып атам женилбейм. Мен барын сүрүп чыгарып салайын деп баратам. Коррупция, система бүт баарысын. Ага эл жардам берет. Анын баарын мыйзам чегинде жасайбыз", - дейт саясатчы Сыймык Жапыкеев.

Сыймык Жапыкеев 2020-жылдагы Октябрь окуяларынына активдүү катышкан саясатчылардын бири. Кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жетектеди. Жапыкеев аны бул шайлоодо бийлик альтернативалуу оппозициялык талапкер катары түртүп жатат деген сөздөрдү четке кагат.

"Аң сезими туура адам андай эч качан ойлонбойт. Мени эч нерсеге байлай албай бул бийликтин проектиси дешет, бул аквыга сыйбаган нерсе", -дейт ал.

Бийликке сын көз караштагы дагы бир талапкер - Исхак Масалиев. Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын мурдагы депутаты, Коммунисттер партиясынын лидери. Анын талапкерлигин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев колдоп жатышат.

"Биз -"Бүтүн Кыргызстан" партиясы Коммунисттик партия менен бир келишимге барганбыз. Саясий тараптан ар тараптуу кызматташууга. Биздин тилегибиз да, билегибиз да, ишке ашырар иш пландарыбыз да, бардыгы чогуу. Менимче, Масалиевдин талапкерлигин коюу менен Кыргызстандын саясий талаасы чоң бир жеңишке ээ болду десек болот", - дейт Адахан Мадумаров.

Мамбетжунус Абылов - "Бириккен демократиялык кыймылдын» координатору. 72 жашта, талапкерлердин эң уулусу. Анын кыймылы өлкөдө бийликке альтернативдүү саясий күчтөрдү бириктирүү максатын жарыялап келет.

"Бирөө жөн эле таанылайын деп атат. Бирөө соодалашайын деп жатат. Бирөө дараметим, күчүм жетет, мамлекетти башка нукка бурат элем деген чын эле ою бардыр. Дагы бир категрия бар, соодалашканганбы, коюп алып иалапкерлегин анан алып коюп. 8-декабрга чейин талапкерлердин көбу 30 миңдик ол тамганы чогулта албай да калышы мүмкүн", -дейт саячат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

Азамат Эсенбеков, Бакытбек Адылов, Акай Кыдыров, Амур Айба Медер - саясий чөйрөдө жаңы ысымдар. Алардын арасында мурда мамлекеттик кызматтарда иштегендер да, ишкердик менен алектенгендер да бар.

Азамат Эсенбеков Москва районунун мурдагы акими. Бакытбек Адылов Мамлекеттик миграция кызматынын мурдагы төрагасы, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри.

Акай Кыдыров - Жапониядагы логистика тармагында иштеген ишкер. Ал 35 жашта, талапкерлердин эң жашы. Жана Амур Айба Медер - «Бойл» компаниясынын жетекчиси.

Талапкерлер 8-декабрга чейин кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтоп, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек. Кол топтоо талаптарын аткарган талапкерлер гана расмий каттоодон өтүп, президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышат.