Эркинбек Осоев кызматынан бошотулуп, Японияга жаңы элчи дайындалды

мурдагы элчи
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Урмат Токтогулов Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал бул кызматта 2023-жылдын январынан бери иштеп келген Эркинбек Осоевди алмаштырды.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыктарга кол койду.

Осоев 2023-жылдын 12-январында элчи болуп дайындалган. Ага чейин, 2021-жылдын августунан 2022-жылдын октябрына чейин, транспорт жана коммуникациялар министри болуп иштеген. Ал өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ар кайсы жылдары Осоев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп, Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу тобун жетектеген. Ошондой эле министрликте кыргыз-япон долбоорлорун ишке ашырууга катышкан.

Ал 2000-жылы Кыргыз тоо-металлургия институтун инженер-эколог адистиги боюнча аяктаган. 2009-жылы Япониядагы Йокогама улуттук университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Кыргызстандын Токиодогу элчилиги 2004-жылы ачылган.

Урмат Токтогуловдун буга чейинки кызматтары тууралуу маалымат азырынча жарыялана элек.