Нью-Йоркто турак үй урап, сегиз адам каза болду

Reuters
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бруклин районунда үч кабаттуу турак үй урап, сегиз адам каза болду. Дагы 19 адам жаракат алганын куткаруу кызматтары билдиришти.

Кырсык шаршемби күнү кечинде Бруклиндин борбордук бөлүгүндөгү Кичи Гаити районунда болгон. Куткаруучулар түнү бою урандыларды тазалап, уранды астында калгандарды издешти.

Нью-Йорктун өрт өчүрүү кызматы бейшемби күнү эртең менен билдиргендей, кырсык болгон жерден сегиз адамдын сөөгү табылган. Дагы төрт адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Беш киши өмүрүнө коркунуч келтирбеген оор жаракаттарды алса, 10 адам жеңил жаракат алган.

Нью-Йорктун өрт өчүрүү департаментинин жетекчиси Жон Эспозито журналисттерге билдиргендей, ураган үйдүн жанында курулуш иштери жүрүп жаткан. Анын айтымында, имарат кулаган учурда да курулуш аянтчасында иштер улантылып жаткан.

CBS News телеканалынын маалыматына караганда, ураган үй 1930-жылы курулган.

Нью-Йорктун мэри Зохран Мамдани кырсыкка байланыштуу билдирүү жасап, каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга көңүл айтты.

"Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын, жаракат алгандардын, ошондой эле бүгүн кайгыга батып жаткандардын баарынын кайгысын тең бөлүшөм",- деп жазды ал.

EPA

Би-Би-Синин кабарчысы окуя болгон жерден билдиргендей, полиция кырсык болгон аймактын айланасындагы бир нече көчөнү курчоого алды. Куткаруучулар урандыларды тазалоо иштерин улантууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Имараттын эмне себептен кулаганы азырынча белгисиз. Кырсыктын жагдайлары иликтенип жатат.

CBS News маалымдагандай, имарат кулаганга чейин ага жанаша жайгашкан жер тилкесинде котлован казуу иштери жүргөн. Бирок курулуш учурундагы бул иштер үйдүн урашына себеп болгон-болбогону азырынча тактала элек. Шаар бийлиги кырсыктын бардык жагдайларын аныктоодо.

Телеканалдын маалыматына караганда, коңшу тилкеде курулуш башталар алдында адистер ураган үйдүн абалын текшеришкен. Ошондой эле куруучуларга жер казуу жана пайдубал куруу иштерин жүргүзүүгө бардык зарыл уруксаттар берилген.

Бруклин округунун прокурору Эрик Гонсалес X социалдык тармагындагы баракчасына билдиргендей, окуянын келип чыгышында мыйзамсыз аракеттер болушу мүмкүн экендиги да текшерилип жатат.

"Бул трагедияга кандайдыр бир кылмыштуу аракеттер себеп болгон-болбогонун аныктоо үчүн Нью-Йорктун Курулуш департаменти жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташып жатабыз",- деп жазды ал.