Уиткофф менен Кушнер Путинге жолукту. Абу-Дабиден кандай сунуштарды алып келишти?

Reuters
Published
Окуу убактысы: 5 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул жолугушуу Орусия, Украина жана АКШнын Абу-Дабиде өткөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн бир күн өткөн соң болду. Жолугушуунун негизги максаттарынын бири - туткундарды алмашууну талкуулоо жана Москваны Европаны континенттеги жаңы "коопсуздук архитектурасын" түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө катыштырууга көндүрүү болгон.

АКШ өкүлдөрү менен сүйлөшүү болжол менен эки жарым саатка созулду. Жолугушуудан кийин Уиткофф CNN телеканалына кыскача комментарий берип, тараптар үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасын өткөрүү боюнча макулдашканын ишарат кылды.

"Менимче, бүгүн бир топ жылыш болду. Айрымдар Абу-Дабиде үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыра албайбыз деп ойлошкон. Бирок биз аны кайра баштап гана тим болбостон, кийинки жолугушууну өткөрүү боюнча да макулдаштык",- деди Уиткофф.

Өз кезегинде Кушнер тараптар бардык маселелер боюнча кеңири жана кылдат талкуу жүргүзгөнүн белгиледи.

"Менимче, жалпысынан бардык темалар боюнча абдан кеңири жана терең сүйлөшүүлөр болду. Бул талкуулар кийинки көп тараптуу сүйлөшүүлөргө негиз болот деп үмүттөнөм",- деди ал.

Кушнер менен Уиткофф бейшемби күнү эртең менен Москвага учуп келишкен. Аларды буга чейинки сапарларындагыдай эле Орусия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев тосуп алган.

Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында Жаред Кушнер Москвага сапардын эки негизги максатын атаган. Биринчиси, Путин менен туткундарды алмашуу маселесин талкуулоо. Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн бардык катышуучулары алмашуу боюнча жалпы макулдашууга жетишилгенин билдиришкен, бирок анын чоо-жайын ачыкташкан эмес. Экинчиси, Москваны сүйлөшүү үстөлүнө европалык өлкөлөрдүн өкүлдөрүн да отургузууга көндүрүү.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Путиндин АКШ өкүлдөрү менен сүйлөшүүсү "мазмундуу, конструктивдүү, ачык жана пайдалуу болгонун, буга чейинки бардык сүйлөшүүлөр да ушундай өткөнүн" билдирди.

Ушаковдун айтымында, учурда туткундарды алмашуунун "эң ири көлөмдөгү" этабын өткөрүү боюнча шарттар макулдашылып жатат.

Ушаков Орусия Европадагы коопсуздук маселелери боюнча сунуштарды АКШ менен биргелешип талкуулоого дароо киришүүгө даяр экенин айтты. Анын билдиришинче, Москванын бул багытта "жаңы ойлору" бар.

Ушаков Кремль Уиткофф менен Кушнер Путин менен жолугушууда айтылган ойлорду Украинанын президенти Володимир Зеленскийге жеткирет деп күтүп жатканын да кошумчалады.

Украинанын президенти Володимир Зеленский шаршемби күнү америкалык өкүлдөрдүн Москвадагы жолугушуусунан "көп нерсе көз каранды болорун" айткан.

"Албетте, биз жыл аягына чейин жыйынтыкка жетүүнү каалайбыз жана бул үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Менимче, Вашингтон үчүн да быйыл жыйынтыкка жетишүү маанилүү",- деген Зеленский.

Путин жолугушуунун башында эмне деди?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жолугушууга Путин, АКШнын атайын өкүлдөрү жана Кирилл Дмитриевден тышкары, Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө Орусия делегациясын жетектеген Владимир Мединский менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков да катышты.

Жолугушуунун журналисттер үчүн ачык бөлүгүндө Путин Кушнер менен Уиткоффтон Дональд Трампка Украина тарап менен байланыштарды уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип коюуну өтүндү. Ошондой эле АКШнын биринчи айымы Мелания Трампка Алёшкидеги (украинче аталышы Олешки) гуманитардык миссияны уюштурууга катышканы үчүн ыраазычылык айтты.

Мындан тышкары, Путин Донецк облусундагы Константиновка шаарында да ушундай гуманитардык миссия өткөрүүнү сунуштады. Анын айтымында, Орусияга шаарды минадан тазалоо үчүн беш күн керек болот.

Зеленскийдин кеңешчиси Дмитрий Литвин Путиндин бул сунушуна комментарий берип жатып, буга чейинки ок атышууну токтотуу келишимин орус армиясы аскерлерин алмаштыруу жана техника жеткирүү үчүн пайдаланганын белгиледи.

"Олешкиге гуманитардык операциянын шылтоосу менен техника киргизип, аскерлерин алмаштырышканын эске алсак, Константиновкада да эмнени көздөп жатканы түшүнүктүү. Бирок бардык жагдайларды тактап алуу керек",- деди ал.

Юрий Ушаковдун айтымында, америкалык ортомчулар Путиндин Донецк облусундагы Константиновкада гуманитардык операция өткөрүү сунушун активдүү колдошкон.

Путин америкалык өкүлдөргө Европанын позициясын да эске алуу Москва үчүн маанилүү экенин айткан. Буга жооп катары Кушнер менен Уиткофф европалыктар Украинадагы согушту токтотууга жана сүйлөшүүлөргө катышууга кызыкдар экенин билдиришкен. Ошондой эле алар Европа континентиндеги "коопсуздук архитектурасын" түзүү маселесин европалык өкүлдөр менен талкуулай башташканын айтышкан.

Путин Европа менен диалогдун токтошуна Москва эмес, европалык өлкөлөр күнөөлүү экенин билдирди. Анын айтымында, АКШ Европага тынчтыкты каалайбы же согушту тандайбы ушул маселеде так чечим кабыл алууга жардам бериши керек.

Путин кириш сөзүндө аймактык маселеге да токтолду. Анын айтымында, Орусия Украина менен болгон бир гана чек араны тааныйт. Орусиянын Конституциясынын азыркы редакциясына ылайык, Москва Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын өз аймагы деп эсептейт.

"Коопсуздук архитектурасы" маселеси

Мурунку жолугушууларга салыштырмалуу Абу-Дабидеги үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл дароо чыңалууну басаңдатуу, тынчтык келишимин түзүү жана аймактык талаштардан Европадагы жаңы "коопсуздук архитектурасын" талкуулоого бурулду.

АКШнын Axios басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, Абу-Дабидеги жолугушуу алгач чыңалуу жана эмоция менен коштолгон. Бирок Кушнер менен Уиткофф сүйлөшүүлөрдүн максаты - президенттерге сунуштоого мүмкүн болгон бир нече вариантты иштеп чыгуу экенин түшүндүрүп, кырдаалды жумшартууга жетишкен. Натыйжада талкуу кыйла конструктивдүү нукка өткөн.

Ак үй Европадагы жаңы "коопсуздук архитектурасын" түзүү маселесин Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишими менен катар талкуулоону көздөйт. Бирок америкалык тараптын планы боюнча, коопсуздук кепилдиктери согуш аяктагандан кийин гана күчүнө кириши керек.

"Зеленский коопсуздук кепилдиктери кандай болорун билмейинче тынчтык келишимин жактырбайт. Путин да муну билгиси келет. Ошондуктан коопсуздук маселеси ушунчалык маанилүү",- деген Axios басылмасынын булагы.

Ошол эле учурда АКШ Европанын коопсуздугуна байланыштуу маселелерде Орусияга вето укугун бербей турганын билдирген. Вашингтон Европа өлкөлөрү менен Украина макул болбогон келишимге да барбай турганын белгилеген.

Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө эмне талкууланды?

ALEXANDER RYUMIN/TASS

Абу-Дабиде Орусия, Украина жана АКШнын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү февраль айынан бери биринчи жолу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Орусия делегациясынын башчысы Владимир Мединский айрым маселелер боюнча америкалыктар менен орток пикир табылганын, бирок кээ бир темалар боюнча макулдашууга жетишилбегенин билдирген.

Ал Украинага курал-жарак жеткиргени үчүн Европаны кескин сындап, европалык өлкөлөрдү "украин элин алдады" деп айыптады.

Абу-Дабиге барган европалык өлкөлөрдүн өкүлдөрүн Мединский "туристтер" деп атады. Мединский европалыктар сүйлөшүүлөргө "абийири ойгонгондо гана" катыша ала турганын айтты.

Белгилей кетсек, америкалык жана украиналык делегациялар үч тараптуу сүйлөшүүлөр башталганга чейин жана алар аяктагандан кийин европалык өкүлдөргө маалымат беришкен.

Бейшемби күнү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков да ушул позицияны кайталады. Анын айтымында, европалыктарды сүйлөшүүлөргө кошуу буга чейин жүргүзүлүп жаткан натыйжалуу аракеттердин үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн.

Axios басылмасынын булактарынын маалыматына караганда, Кушнер менен Уиткофф Орусия делегациясына Европадагы коопсуздук маселелерин олуттуу талкуулоо үчүн Москва келечектеги сүйлөшүүлөргө европалык өлкөлөрдү кошууга макул болушу керектигин түшүндүрүшкөн.

Москванын кескин билдирүүлөрүнө карабастан, Германиянын канцлери Фридрих Мерц бейшемби күнү Орусия Украинадагы согушту европалыктардын катышуусуз аяктоо боюнча сүйлөшүү мүмкүн эместигин түшүнө баштагандай көрүнүп жатканын айтты.

Reuters

"Бул, биринчи кезекте, жакшы жаңылык",- деген Мерц. Ошол эле учурда ал жакынкы күндөрдөгү жолугушуулардын жыйынтыгы көп нерсени аныктай турганын кошумчалаган.

Axios жазгандай, Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө Орусия делегациясы Украинаны толук масштабдуу басып алуунун себептеринин бири катары АКШнын ошол кездеги президенти Жо Байдендин Путиндин 2021-жылы НАТОну кеңейтүү маселеси боюнча жолдогон катына жооп бербегенин атаган.

Буга Кушнер менен Уиткофф дүйнө 2021-жылдан бери бир топ өзгөргөнүн айтып жооп беришкен. Бул тууралуу Axios басылмасына сүйлөшүүлөргө катышкан булактардын бири билдирген.

Эске салсак, 2021-жылы Москва Вашингтондон НАТОну чыгышты көздөй кеңейтүүдөн баш тартууну жана альянстын аскерлерин 1997-жылдан кийин ага кошулган өлкөлөрдүн аймагынан чыгарып кетүүнү ультиматум түрүндө талап кылган. Алардын арасында Польша, Венгрия, Хорватия, Эстония, Латвия, Литва жана Болгария бар.

Axios маалымдагандай, Абу-Дабиде Кушнер менен Уиткофф орус тарапка Москванын коопсуздукка байланыштуу тынчсызданууларын жана талаптарын эске алган жаңы сунуш даярдоону айтышкан.

Анда чыңалууну басаңдатуу үчүн Орусия өзү жасоого даяр болгон "симметриялуу кадамдар" да камтылышы керек. Башкача айтканда, Москва келечекте Европага кол салбай турганына ишендирүүчү конкреттүү аракеттерди сунушташы зарыл.

"Биз орус делегациясына алардын өз каалоолору жана кооптонуулары бар экенин айттык. Биз аларды талкуулай алдык. Бирок Европа бул сунуштарды оң кабыл алышын каалашса, чыңалууну басаңдатуунун башка жолдорун жана кошумча сунуштарды бериши керек",- деди Кушнер маалымат жыйынында.

Анын айтымында, мындай жаңжалдан кийин тараптардын бири-бирине ишенбегени түшүнүктүү көрүнүш.

"Менимче, бул жакшы биринчи кадам болду",- деп жыйынтыктаган Кушнер.