Орусиянын соккулары Киевдин канализациясын иштен чыгарабы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Диана Курышко
- Role, Би-Би-Синин Украин кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
"17 саат бою суу болгон жок". "Суу түнкү аткылоо маалында берилбей калды. Күндүз да пайда болгон жок. Биздин короого техникалык суу алып келишти". Киевдин ар кайсы райондорунда жашаган адамдар Орусиянын аткылоосунун кесепеттери тууралуу ушуларды айтып беришти.
Быйыл күзүндө ракеталардын жана дрондордун чабуулдарынан кийин киевдиктердин үйлөрүндө жарыктан тышкары суу да жоголо баштады.
"Киевсууканалынын" өкүлдөрүнүн электр энергиясы жок шаарда суу да таптакыр болбойт, ал эми канализация иштебей калса, үч күндөн кийин Киевде эпидемиологиялык кырсык болушу ыктымал деген билдирүүлөрү да кырдаалды курчутуп жиберди.
Киевде сууга байланыштуу кандай кырдаал түзүлдү? Украинанын борбор калаасын суу менен жабдуу системасы
Чабуулдардын оор кесепеттери
"Киев, абалыңар кандай? Жарык, суу, жылуулук барбы?" — "Санап өткөндөрдүн ичинен Киев гана бар".
Мына ушундай мемдер Орусиянын аткылоолорунан улам стресс абалында жүргөн украиналыктардын адаттагы жообу болуп калды. 11-октябрда күндүз Орусиянын кезектеги чабуулунун натыйжасында Киевдеги жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы жабыркаган. Чабуулдан кийин Киевдин жүз миңдеген адам жашаган төрт районунда сууга байланышкан көйгөй чыкты.
Коммуналдык кызматкерлер сууну эртеси күнү гана калыбына келтире алышты.
2026-жылдын октябрь-ноябрь айларында Киев улам аткыланып, энергетикалык объектилер бузулуп, жарык өчүрүлүп, суу берилбей калууда.
Кээ бир жерлерде ремонт жасалгандан кийинки күнү эле кайра аткылоо болуп, система талкаланып, суу кайрадан жоголуп кетүүдө.
Эң кубаттуу соккулардын бирин орусиялык армия бир жума мурда жасады. 3-ноябрда Киевдин бардык жеринде суу чыкпай калды. Ошол күнү орусиялык чабуулдардын натыйжасында Киевдин негизги суу түтүктөрү талкаланган.
"Борбор калааны суу менен жабдуу энергетикалык системанын туруктуу иштешине тикелей көз каранды, себеби сууну чыгаруу, ташуу жана жеткирүү үчүн насостор туруктуу иштеп турушу керек", - деп билдиришти Би-Би-Сиге "Киевсууканалынан". Алар суунун үзгүлтүккө учурашына электр энергиясынын өчүрүлүшү гана эмес, системанын чыңалуусу да себеп болгонун кошумчалашты.
Суу түтүктөрү жана канализация системалары мындай чыңалууларды көтөрө албайт. Эгерде тармактагы чыңалуу кескин өзгөрсө, насостор автоматтык түрдө өчүп калат, антпесе алар иштен чыгышы мүмкүн деп түшүндүрүшөт ишкананын адистери.
"Адамдар такыр жетпей жатат"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Суу каналынын объекттеринде генераторлорду ишке киргизүү үчүн убакыт жана адамдар керек.
"Бир насос станциясындагы генераторду ишке киргизүү үчүн бери дегенде эки электрик же эки инженер керек. Система татаал болгондуктан, канализациялык насос станциялары да, суу насос станциялары да бир убакта ишке киргизилиши керек. Буга бир нече саат кетет", - деди Би-Би-Сиге "Шаар институту" изилдөө борборунун директору Александр Сергиенко.
Киевдин мамлекеттик администрациясы жана "Киевсууканал" борбор калаанын коммуналдык инфраструктурасында кадрлар тартыш болуп жатканын айтышууда.
"Бардык багыттар боюнча кадрлардын курч таңкыстыгы байкалууда, "Киевжылуулукэнергодо" 1500 бош орун бар. Ар бир ишканада ушундай кырдаал түзүлдү", - дейт администрация башчысынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Петр Пантелеев.
Сергиенконун айтымында, акыркы жылдары "Киевсууканалдын" кызматкерлеринин 40 пайызга жакыны жумуштан кеткен – басымдуу бөлүгү мобилизацияланган, ал эми айрымдары жакшыраак жумуш жана көбүрөөк айлык издеп кетишкен.
"Мына ушундай шарттарда суу берүүнү мүмкүн болушунча тезирээк – 12 саатта, 24 саатта калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышат", - дейт Пантелеев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Киевдин суу менен жабдуу системасы – бул жүздөгөн чакырымдарга созулган тармактар, аларды суу менен толтуруп туруш керек, басым пайда болуп, ошол басым ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш, насостордун каскаддык системасы иштеп кетиши керек", - дейт Пантелеев.
Анын айтымында, Орусия тынымсыз чабуул коюп, ремонт иштерин баштоого мүмкүнчүлүк бербей жатат. Мунун натыйжасында суу берүү процесси кечигүүдө.
"Киев – чоң шаар. Суу берүү системалары борборлоштурулган. Курулуштун бул принциби советтик мезгилден калган", - деп айтты жакында эле брифингде Пантелеев.
Ошондо ал суу менен жабдуу системасынын өзүнүн резервдик кубаты болуп, автономдуу иштей бериши үчүн шаар бийлиги колдон келгенин жасап жатканын кошумчалаган.
Генераторлор жардам бере алабы?
Эгерде Киевдеги суу көйгөйү насостордун электрден кубат алышы менен байланыштуу болсо, суу жоголбошу үчүн аларды генераторлорго кошсо болобу?
Киевдик аткаминерлер бул мүмкүн эмес дешүүдө. Генераторлор бар, бирок алар жетишсиз.
"Суу менен жабдуунун көпчүлүк бөлүгүнүн кубаттуулугун генераторлор көтөрө албайт", - деп түшүндүрөт Петр Пантелеев.
Анын баамында, "Киевсууканалынын" объектилери 67 МВт керектейт, ал эми ишканадагы генераторлордун жалпы кубаттуулугу 11 МВт түзөт.
Пантелеев Киевдин райондорун суу менен камсыздоо үчүн өзүнчө энергетикалык инфраструктура түзүш керектигин айтты.
Киевде суу менен жабдуу үчүн 16 МВт кубаттуулуктагы дизелдик электр станциялары курулган. Дагы кубаттуулугу 40 МВт болгон станцияларды куруу пландалууда. Бирок бул жакында ишке ашчудай эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жаңы станциялар үчүн жабдууларды ар кайсы өлкөлөрдөн сатып алышкан. Эми аларды куруп, тармактарды өткөрүп чыгыш керек.
Курулуш толугу менен жазга карай бүтүп калат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу "Киевсууканалынын" жетекчиси Игорь Паламарь билдирди.
Жетекчиден январда киевдиктерде суу болобу деп сурашканда, ал: "Кандай болгон күндө да суу болот... Бирок ал кандай көлөмдө болот – биз ошол учурга чейин канчалык даяр болорубузга жараша".
Киевдин мэри Виталий Кличко кайсы бир учурда борбор калаада электр энергиясы өчпөйт же башка көйгөйлөр пайда болбойт деп кепилдик бере албай турганын айтты.
"Абадан коргонуу системасы натыйжалуу иштемейинче, биз эч нерсеге кепилдик бере албайбыз", - деди Би-Би-Синин Украин кызматына мэр.
Канализация эмне болот?
Эгерде суу менен жабдуу системасы жарыкка жана резервдик кубат берүүчүгө ушунчалык көз каранды болсо, анда аткылоолор жана энергетикалык инфраструктурага келтирилген зыян канализацияга кандай таасир этиши мүмкүн? Эгерде электр энергиясы көпкө чейин берилбесе, шаардын кайсы бир райондорун ыпылас суу капташы мүмкүнбү?
Киевдин Соломенск районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн кошо ээлеринин бирикмелеринин ассоциациясынын башкаруусунун төрагасы Валерий Пундик Би-Би-Сиге: "Канализация – бул өтө аз көлөмдөгү резервдик кубатты талап кылган тармак" - деди.
Анын айтымында, кубат алыш керек болгон жерлерде резервдик булактар орнотулган жана алар азырынча жетиштүү.
"Канализация толуп кетип, көчөлөргө, бульварларга ыпылас суу чыгып кетиши мүмкүн деген сөздөрдүн баары манипуляциялоо. Адамдар система кандай иштээрин түшүнүшпөйт", - дейт "Шаар институтунун" эксперти Александр Сергиенко.
Анын айтымында, Киевдин канализация системасы татаал, тармакталган жана корголгон – анын узундугу 3 миң чакырымга жакын, басымдуу бөлүгү жер астынан өтөт, башкача айтканда, тоңбойт.

Сүрөттүн булагы, Виталий Кличко
Бирок айрым үйлөрдүн жер төлөсүндө былтыр кышында канализация системалары тоңуп калган учурлар болгон.
Көп жылдык тажрыйбасы бар уста Александр 2026-жылдын январь-февраль айларында жер төлөлөрдөгү жылытуу жана канализация системаларын сактап калуу үчүн Троещинада көп күн өткөргөн.
Ал Киевдин канализация системасын ишенимдүү деп эсептейт жана шаарды ыпылас суу каптап кетиши мүмкүн дегенге ишенбейт.
"Мисалы, 25 кабаттуу үй бар. Ал жерден калдыктар түтүктөр аркылуу төмөнкү кабаттарга түшөт. Ал эми жер төлөдө көп бурулуштар бар. Эч нерсе тыгылып калбашы, система иштей бериши үчүн дайыма суунун басымы болушу керек, суу баарын жууп кетиши керек", - дейт Александр.
Саркынды суу кайда кетүүдө?
"Үйдөн саркынды суу чыккандан кийин ал шаардык канализация системасына түшөт. Андан ары ар кандай диаметрдеги коллекторлор бар, алар акырындык менен Днепрдин жээгине алып баруучу башкы канализациялык коллекторго кошулат", - дейт "Шаар институтунан" Александр Сергиенко.
Киевдин татаал рельефиндеги агындыларды сордуруу үчүн шаарда 32-34 насостук станция бар. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураса, бардык насос станциялары – суу бергени да, канализацияны сордурганы да резервдик кубат берүүчү булактар менен жабдылган, дейт эксперт.
Бортницкая станциясына кандай коркунуч бар?

Сүрөттүн булагы, Київводоканал
Бортницкая аэрация станциясы – Киевден жана Киев облусунун айрым шаарларынан жана айылдарынан агынды сууларды тазалоочу жалгыз система.
Станцияда бардык саркынды суулар, ошондой эле өнөр жай ишканаларынын агындылары тазаланып турат.
Станциянын өзүндө үч тазалоо участогу бар, алардын ар бири суткасына 600 миң кубметр агынды сууну кабыл ала алат. Жалпы станциянын долбоордук кубаттуулугу суткасына 1,8 миллион кубметрди түзөт.
Станциянын маалыматы боюнча, суткасына 600 миңден 900 миң кубметрге чейин саркынды суу тазаланып турат.
"Бир эле участоктун иштеши да агынды сууларды тазалоого жетет. Ал эми мындай участоктон үчөө бар. Эгерде бири иштебесе, экинчиси же үчүнчүсү иштей берет", - дейт Александр Сергиенко.
Би-Би-Си Киевдин мэри Виталий Кличкодон "Киев үчүн маанилүү объект катары Бортницкая станциясы жетиштүү деңгээлде корголгонбу?" деп сурады.
Кличко экинчи деңгээлдеги коргоо да объектилерди ракеталардан же дрондордон толук коргой албай турганын айтты.
Бортницкая станциясы агынды сууларды кабыл албай калса, Киевдин дагы кандай альтернативасы бар?
"Шаар институтунан" Александр Сергиенконун айтымында, өзгөчө кырдаал учурда станциянын ордуна агын суулар түз эле Днепрге түшүшү мүмкүн.
Анын пикиринде, Киевди ыпылас суу каптап кетет деген тобокелдик өтө аз. Бардык көмөкчордондор бир убакта талкаланып, жарык менен жылытуу көпкө чейин берилбей калганда гана ушундай кырдаал түзүлүшү мүмкүн.
Троещинадагы ЖЭКтердин биринде көп жылдан бери иштеген уста Александр канализациянын ишинде көп нерсе тургундардын өздөрүнө да көз каранды экенин айтат.
ЖЭКте иштеген он жылдын ичинде ал канализациядан жалаяктардан баштап сөөктөргө чейин ойго келбеген нерселерди алып чыккан.
"Эң башкысы, адамдар унитазга эч нерсени ыргытууга болбой турганын түшүнүшү керек, себеби мунун баарын кийин ремонттоп чыгууга туура келет. Тармактар өткөн жер төлөлөрдү жылуу кармаш керек. Эң негизгиси суу келип турса, баары жакшы болот", - дейт Александр. (ZMa)





























