Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Көзгө атар олимпиадачы Каныкей
Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт
21 жаштагы Каныкей Кубанычбекова кыргыз спортунун тарыхында ок атуу спорту боюнча кыздар арасынан биринчи жолу Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Каныкей учурда Токио-2020га даярдык көрүп, күнүнө сегиз сааттан кем эмес машыгып жатат. Тренери Виктор Суровцев Олимпиадага жолдомо алуу алар үчүн күтүүсүз болгону менен, көптөн күткөн кыялы болгонун айтып берди. Каныкейди ал 5-класстагы окуучу кезинен бери машыктырат. Жубайы Каныкейдин класс жетекчиси, ал эми өзү тренери болгондуктан, аны өз кызындай көрөт.
Каныкейдин видеобаянын мындан көрүңүз: