Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Бүйүр кызыткан көз ирмемдер
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ачылыш аземи 31-августта, Кыргызстандын эгемендик күнүндө Бишкекте өттү. Негизги спорттук мелдештер жана башка этно-маданий иш-чаралар 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө болот. Би-Би-Си ачылыш аземинде тартылган бүйүр кызыткан сүрөттөрдү тизмектеди.
Ачылыш аземинде кыргыздын көчмөн маданияты, каада-салты жана тарыхы музыка, бий, ат оюндары жана театралдаштырылган шоу аркылуу көрсөтүлдү.
Уюштуруучулардын айтымында бул эл аралык маданий жана спорттук иш-чарага катышуу үчүн 104 өлкөдөн спортчулар катталган. Салтанатта 3 миңден ашуун спортчу өз желеги астында параддан өттү. Алар спорттук мелдештердин 43 түрүнөн күч сынашат.
Ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен катар БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышты. Салтанатта жалпысынан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине келген жыйырмага жакын өлкөнүн лидерлери жана делегация өкүлдөрү болду.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда баш-аягы үчүнчү жолу өтүп жатат. Мындан тышкары бул оюндар Түркиянын Изник шаарында жана Казакстандын Астана шаарында уюштурулган.