Сиз бул сайттын азыраак дата коротуучу, тексттен турган версиясын көрүп жатасыз. Сайттын бардык сүрөттөрдү жана видеолорду камтыган негизги версиясын көрүңүз.
Тажикстан 20 000 резервистти мобилизациялады
Published
Чет өлкөлүк күчтөр Афганистандан толук чыгып кетип жатканда Талибан улам жаңы аймактарды басып алууда. Кечээ Тажикстан Афганистан менен чек арасын бекемдөө максатында 20 000 резервистти мобилизациялады. Кечээ кечинде Оруссиянын президенти Владимир Путин менен тажик президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Кремлдин маалыматына ылайык, Оруссия жамааттык коопсуздук макулдашуулары алкагында өлкөгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.